Turmush — Нарын шаарында өткөн чуркоо марафонунда 46 жаштан 55 жашка чейинкилер арасында Бурулсун Күнтүүганова 1-орунду камсыз кылды. Анын машыктыруучусу — Кайырбек Касымбеков. Жеңүүчү менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.
Спортко болгон кызыгуу жана жашоо образы
Күнтүүганова Бурулсун Абдыкеримовна Нарын районунун 8-март айылында туулган. Учурда Он-Арча айылында жашайт. Ал 54 жашта болсо да сергек жашоону жанынан артык көрөт. Марафондо 3 чакырымдык аралыкты эки ирет багындырып, өз категориясында алдына киши салган эмес.
«Жакшы чуркоонун сыры — тынымсыз кыймылда. Мен жумушка велосипед менен барып келем, күнүгө 200 жолу секиртме (скакалка) менен секирип, жерден көтөрүлүү (отжимание) сыяктуу көнүгүүлөрдү калтырбай жасайм. Ошондой эле тамактанууга да өзгөчө көңүл буруп, майлуу тамактардан качам, көбүнчө жашылчаларды колдоном», - дейт.
Ийгиликтери жана максаттары
Каарманыбыз тоо-ташка саякаттаганды жакшы көрөт. Буга чейин облустук деңгээлдеги мелдештерде 10 чакырымга чейин чуркап келген. Ал тургай айылдагы тушоо тойлордогу жарыштарда да дайыма биринчиликке жетишерин сыймыктануу менен белгиледи.
«Ар дайым өзүмө "финишке биринчи жетишим керек" деген максат коём. Максат кандай болсо, багыт да ошондой болот. Уюштуруучуларга, өзгөчө Назира айымга терең ыраазычылык билдирем. Эми келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги марафондорго катышсам деген чоң тилегим бар», - деди ал.
Спортчу үй-бүлө
Учурда маданият үйүндө эмгектенген Бурулсун айым үлгүлүү эне. Жолдошу экөө 3 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрүштү. Балдары да спорттон алыс эмес: уулдары улакчы жана футболист. Үй-бүлөсү анын спортко болгон кызыгуусун ар дайым колдоп, дем-күч берип турушат.