Turmush — Бүгүнкү күндө дүйнө ыкчам түрдө өзгөрүп, жаштар глобалдык маданияттын таасиринде калып жатат. Ушундай шартта ар бир адам өзүнүн улуттук өзөгүн, туулган жери менен болгон байланышын сезе билгени өтө маанилүү.
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ — УЛУТ КӨРКҮ» долбоорунун максаты — Кыргыз Республикасынын ар бир районун ошол жерден өсүп чыккан үлгүлүү кызынын жүзү менен көрсөтүү. Райондун жүзү болгон кыз кичи мекениндеги улуттук баалуулуктар менен жуурулушкан чыныгы турмушту, ошол аймактын табиятын, тарыхын, каада-салтын, көйгөйүн жана кооздугун тааныштырат.
40 кыздын сөздөрү жөн гана жеке баян эмес, бул — райондун үнү, улуттун үнү!
«АКИpress» маалымат агенттигинин «Turmush.kg» маалымат сайты Кыргызстандагы 40 районду камтыган бул өзгөчө долбоорго 18 жаштан 36 жашка чейинки кыздарды катышууга чакырат. Редакция талапкерлерди өмүр баян жана сүрөтү менен таанышкандан кийин тандайт.
Электрондук дарек: aimak.akipress@gmail.com
Байланыш номуру: +996 (554) 65 60 25
«КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ» долбоорунун он экинчи каарманы — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын тургуну Мадина Алтымышова.
Тогуз-Торо районунда жалпысынан 4 айыл аймагы жана 14 айыл бар. Географиялык жактан алып караганда, районубуз өлкөнүн так ортосунда жайгашкан. Биз башка мамлекеттер менен чектешпейбиз, ошондой эле башка улуттун өкүлдөрү да дээрлик жокко эсе. Түндүгүнөн Нарын облусунун Жумгал району, түштүгүнөн Ош облусунун Өзгөн району жана Жалал-Абад облусунун Сузак району, чыгышынан Нарын облусунун Ак-Талаа району, батышынан Жалал-Абад облусунун Токтогул жана Базар-Коргон райондору менен чектешет.
Тогуз-Торо району үч облустун — Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарынын ортосунда жайгашкандыктан, бизде “түндүк” же “түштүк” деген түшүнүк анча деле бөлүнүп каралбайт.
Эмне үчүн Тогуз-Торо деп аталып калган?
“Тогуз” — кыргыздар үчүн касиеттүү сан. Ал эми “торо” деген сөз байыркы түрк тилдеринде “төр”, “бийик жай” же “бекем жер” деген маанини билдирет. Башкача айтканда, “тогуз төр” же “тогуз бийик ашуу” деген маанини бериши мүмкүн.
Айрым уламыштарда бул жердин аталышын тогуз бай, тогуз уруу же тогуз өрөөн менен байланыштырышат. Дагы бир пикирлерде аймак тоолор менен курчалып, ага кирүү үчүн тогуз ашуудан ашып өтүү керек болгондуктан ушундай аталып калган деп айтылат.
Кыз калыңы
Айрым адамдар Тогуз-Торо районунун кыздарынын калыңы арзан деп ойлошот экен. Негизи андай эмес. Азыркы учурда биздин кыздардын калыңы 400 миң сомдон жогору деп эсептелет. Анткени Тогуз-Торонун кыздары турмушка абдан бышык, суукка да, ысыкка да чыдамкай келишет. Алар үйдүн да, сырттагы иштердин да түйшүгүн тең көтөрө алышат.
Кыздын калыңы менен гана чектелбестен, “эне сүтү” деген бар. Эне сүтүнө 150 миң сомдон 300 миң сомго чейин берилет. Бул акчаны кыздын апасы насыя жабууга же конок-тойго коротпошу керек. Ал сөзсүз түрдө өзүнө алтын же төшөк сыяктуу өзүнө тиешелүү, керектүү буюм сатып алышы зарыл. Бул акча кыздын энесинин жеке өзүнө таандык болуп эсептелет.
Өлкө боюнча калк саны эң аз район
Азыркы тапта Тогуз-Торо району калкынын саны эң аз райондордун (2025-жылга карата калкы саны 28 581 адамды түзөт) катарын толуктайт. Негизи эле көпчүлүк Тогуз-Торо районун жакшы биле беришпейт. Мисалы, чогуу окуган тайпалаштарыма Тогуз-Тородон экенимди айтсам, “ал кайсы жерде жайгашкан?”, “ушундай жер да барбы?” деген суроолорду беришет.
Бизде көпчүлүк жергиликтүү тургундар сырт жактарга чыгып кетишкен. Ошонун айынан район элинин саны азайып кеткен. Айылдарда көбүнчө карыялар калып, биз сыяктуу жаштар чет өлкөлөрдө же өлкөнүн борборунда жүрүшөт.
Жалпысынан алганда, Тогуз-Торо району абдан тынч аймак. Бул жерде сенсациялуу кылмыш-кырсыктар көп каттала бербейт. Массалык маалымат каражаттарына да көп чыга бербейбиз. Анткени адамдар өз жумушу менен эле алек болушат. Ошондон улам биз элге анча билине бербейбиз деп ойлойм.
ЮНЕСКОнун тизмесине кирген Саймалуу-Таш — Тогуз-Торонун эң башкы сыймыгы
Райондун аймагында тарыхый, жаратылыш жана маданий жактан маанилүү болгон бир катар жайлар жайгашкан. Алардын эң белгилүүсү — Саймалуу-Таш. Бул жер дүйнөгө таанымал петроглифтер галереясы катары белгилүү. Саймалуу-Таш Фергана тоо кыркаларында, деңиз деңгээлинен 3000–3200 метр бийиктикте жайгашып, дүйнөдөгү эң ири таш сүрөттөр топтолгон жайлардын бири болуп саналат. Бул жерде 10 миңден ашык таш бетиндеги сүрөттөр бар экендиги айтылат. Айрым маалыматтар боюнча, алардын жалпы саны 90 миңден да ашат. Андагы сүрөттөр неолит доорунан тартып коло жана темир дооруна, орто кылымдарга чейинки мезгилдерди камтыйт. Таш беттеринде бугу, тоо теке, ат, илбирс, карышкыр сыяктуу жаныбарлар, аңчылык көрүнүштөрү, жер айдоо, согуш арабалары, бийлеген адамдар жана диний ишенимдерге байланышкан символдор түшүрүлгөн.
Манастын сөөгү дал ушул чокуда жашырылган деген пикирлер бар
Тогуз-Торонун дагы бир белгилүү жайы — Жылаңач-Бугу чокусу. Ал Молдо-Тоо кыркасында, Тогуз-Торо өрөөнүнүн түндүк тарабында жайгашып, бийиктиги 4100 метрге жетет. Бул чоку элдик уламыштар менен тыгыз байланышып, ыйык жана сырдуу жай катары айтылып келет. Айрым уламыштарда бул жер Манас эпосундагы окуялар менен байланыштырылат. Эл арасында Каныкей ууланган Манасты ушул жерге алып келип дарылоого аракет кылганы тууралуу да айтылат. Ошондой эле айрым жергиликтүү ишенимдерде Манастын сөөгү дал ушул жетүүгө кыйын бийик чокуда жашырылган деген пикирлер бар. “Жылаңач-Бугу” аталышы да байыркы кыргыздардын бугуга байланышкан тотемдик түшүнүктөрү менен байланыштырылат.
Саймалуу-Таш менен Жылаңач-Бугу Тогуз-Торо районунун гана эмес, жалпы Кыргызстандын тарыхый жана руханий мурастарынын бири болуп саналат. Изилдөөчүлөр бул аймактарды байыркы заманда ачык асман алдындагы ыйык жай, ибадаткана катары пайдаланылган болушу мүмкүн деп эсептешет. Байыркы адамдар бийик тоолорду ыйык мейкиндик катары кабыл алып, бул жерлерде курмандык чалып, тилек тилеп, таштарга сүрөт түшүрүшкөн.
Райондун аймагын Фергана жана Молдо-Тоо кыркалары курчап турат. Бул бийик тоолор Тогуз-Торонун жаратылыш келбетин аныктап, аймакка өзгөчө кооздук берет. Казарман айылы — райондун борбору болуп саналат. Ал стратегиялык мааниге ээ болгон тоолуу кыштак катары белгилүү.
Ошондой эле райондун аймагы аркылуу Нарын дарыясы агып өтөт. Бул дарыя аймактын жаратылыш жана чарбалык турмушунда маанилүү орунду ээлейт.
Жергиликтүү эл үчүн келген конок өзгөчө мааниге ээ
Тогуз-Торо районунда меймандостук өзгөчө бааланган улуттук салттардын бири болуп эсептелет. Ошондуктан бул аймакта үйгө келген адамды сыйлап тосуп алуу, аны төргө отургузуу жана дасторкон жайып узатуу эзелтен калыптанган салт катары сакталып келет. Тогуз-Тородо конокко эң оболу үйдүн төрү сунушталат. Бул “Төр сиздики” деген түшүнүк менен байланыштуу. Жада калса тааныбаган жолоочу да “Кудайдын коногу” катары кабыл алынып, ага өзгөчө сый көрсөтүлөт. Мындай мамиле жергиликтүү элдин кең пейилдигин жана меймандостукка болгон өзгөчө көз карашын айгинелейт.
Конок тосууда чай берүү маданияты да маанилүү орунду ээлейт. Адатта алгач самоор коюлуп, дасторконго тоо балы, каймак, сары май жана ысык нан тартылат. Тогуз-Торонун тоо балы, каймагы жана сары майы өзүнүн өзгөчө даамы менен белгилүү. Бул азыктар аймактын жаратылыш шартына жана жергиликтүү турмуш өзгөчөлүгүнө байланыштуу жогору бааланат.
Сыйлуу конок келген учурда мал союлуп, устукан тартуу салты аткарылат. Бул салтта этти бөлүштүрүүнүн өз тартиби жана орду бар. Кимге баш, кимге жамбаш, кимге куйрук берилери жаш өзгөчөлүгүнө, даражасына жана үй-бүлөдөгү ордуна жараша аныкталат. Мындай жөрөлгө кыргыз элинин каада-салтындагы улуу-кичүүгө болгон урматты көрсөтөт. Ошондой эле аксакалдардын батасын алуу өзгөчө сыймык катары кабыл алынат.
Тогуз-Тородо конокту узатуу салты да маанилүү. Конокту куру кол узатпоо — бул жергиликтүү элдин кең пейилдигинин белгиси. Узатуу маалында сарпай кийгизүү же жолго азык-түлүк берүү адаты бар. Айрым учурда конокко бал, нан, эт сыяктуу азыктар салынып, жолго камдалып берилет. Бул салт меймандостуктун жөн гана тосуп алуу менен чектелбестен, конокту сый-урмат менен узатууга да өзгөчө маани берилерин көрсөтөт.
Жалпысынан, Тогуз-Торо районунун меймандостугу бул аймактын улуттук жүзүн жана маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган маанилүү салттардын бири болуп саналат. Конокту ыйык тутуу, дасторконго береке чачуу, устукан тартуу жана узатуу жөрөлгөлөрү бүгүнкү күндө да жашоо-тиричиликтин ажырагыс бөлүгү бойдон калууда.
Тогуз-Тородон чыккан атактуулар
Тогуз-Торо районунан чыккан бир катар белгилүү инсандар бар. Алардын арасында экс-маданият министри Алтынбек Максүтов, ырчылар Турдаалы Аскарбеков, Азамат Сарыбаев, Гүлгаакы Сагындакова, Бегимай Турусбекова, акындар Жылдызбек Төрөканов, Чыңгызхан Кожошов, блогер Канат Шабданбеков жана машыктыруучу Келдибек Атайбеков бар.
Буга чейинки каармандар:
1. Кажамжай районунун кызы — Алина Исакова
2. Өзгөн районунун кызы — Кумара Токсобаева
3. Ат-Башы районунун кызы — Айсунат Адилетова
4. Нарын районунун кызы — Бегайым Советова
5. Баткен районунун кызы — Самара Абдикаримова
6. Талас районунун кызы — Адиана Аманбекова
7. Ноокат районунун кызы — Расулбек кызы Роза
8. Жети-Өгүз районунун кызы — Нуркамал Жудоева
9. Түп районунун кызы — Зарина Бачеринова
10. Ысык-Көл районунун кызы — Тахмина Акылбекова
11. Жумгал районунун кызы — Сезим Рахатбекова