Turmush — Нарын облусунун жана Нарын районунун административдик борбору болгон Нарын шаарында инфраструктура жаңыланып жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча, шаардын калкынын саны 42 миң 530 адамды түзөт. Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².
Нарын шаарында айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеп чыгуу менен байланышкан бир катар чакан ишканалар (эт комбинаты, сүт комбинаты), электр тармагын тейлөө мекемелери бар.
Нарын шаарынын негизги унаа каражаты — автомобиль транспорту. Шаарда автобус, троллейбус жана таксилер кызмат көрсөтүп келген. Учурда троллейбус каттамы толугу менен алынып, жаңы автобустар каттап жатат. 2024-жылы 5 электробус, 2025-жылы 11 автобус алынды. Шаардын чыгышында 5 чакырымдай алыстыкта «Нарын» аба майданы жайгашкан.
Билим берүү мекемелеринен Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын колледжи, Борбордук Азия университети жана башка да бир катар окуу жайлар, мектептер жайгашкан.
Нарын облустук музыкалык драма театры өлкөдөгү даңазалуу театр чордондорунун бири.
Учурда Нарын шаарында инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2023-жылдан бери шаарда 4 блоктон турган 9 кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Мындан тышкары, 9 блоктон турган, 11 кабаттуу турак жайлар кытайлык инвесторлор тарабынан салынууда.
Шаар тургундары үчүн социалдык жана эс алуу объектилерине өзгөчө көңүл бурулуп, коомдук мончо жана бассейн комплекси курулууда. Ошондой эле Нарын шаарында алгач ирет балдар үчүн оюн-зоок борбору, Жаштардын жана ишкерлердин демилгелерин колдоого багытталган Креативдүү идеялар жана инновация борбору курулуп, шаар ичиндеги жана айланма жолдор жаңыланып, жаңы жолдор салынууда.
Нарын шаарын Кытай чек арасына жакындыгына (200 км) байланыштуу аны Кытайдын дарбазасына жетүүчү жол деп аташат. Нарын Кыргызстандагы эң суук шаарлардын бири болуп эсептелет. Нарын шаарында кыш адатта, узакка созулуп, өтө суук болот [кыш бул жерде 145-165 күнгө созулат]. Климаты кескин-континенталдык, кургакчыл, январда орточо температура -15 градустан -25 градуска чейин болуп, кээде -40 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Нарын шаарынын негизин Кашкарга кеткен кербендердин жолунда жайгашкан байыркы конуш түзгөн. Нарын аркылуу Жибек жолунун багыттарынын бири өткөн. XIX кылымдын орто ченине чейин бул аймакта шаар катары эч нерсе болгон эмес.
1868-жылы Орто Азия Россия империясына кошулгандан кийин бул жерде орус гарнизону, кийинчерээк Нарын слободкасы пайда болгон, ошол учурдан баштап шаар куруу башталган.
1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин Нарын Кызыл Армиянын көзөмөлүнө өткөн. Бирок 1920-жылы бул жерде кызыл аскерлер менен ак гвардиячылардын ортосунда кагылышуу болгон. Кандуу салгылашуулардан кийин шаар кайтарылып алынып, революциялык бийлик орнотулган.
1917-жылдагы Октябрь революциясына чейин облус борборунда олуттуу өнүгүү болгон эмес. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында көчмө революциялык комитет түзүлүп, ал Нарын уездинин революциялык бирикмесинин жардамы менен иш жүргүзө баштаган.
Башында Хаким Мусабаев, Сулайман Орозбеков сыяктуу большевик жетекчилер турган. Алардын катарында биринчи кыргыз революционери Таабалды Жукеев-Пудовкин да болгон.
Шаар Нарында 1927-жылы өнөр жай өнүгүү жолунда «алгачкы кадамдарын» таштай баштаган. 1927-жылдын 23-июлундагы Нарын кантонунун аткаруу комитетинин президиумунун чечими менен нан жана сүт азыктарын сатуучу киосктор уюштурулган.
Аткаруу комитетинин отчетунда Нарын кантону курулуш темпи боюнча эң артта калганы белгиленет. Мугалимдер үчүн үйлөрдү, мектептерди, ошондой эле клубду куруу жагын күчөтүү сунушталган.
1927-жылдын 28-январындагы Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин президиумунун чечимине ылайык, Нарынга шаар статусу ыйгарылган. 1939-жылга чейин шаар башкы плансыз курулган. 1939-1940-жылдары куруунун биринчи башкы планы иштелип чыккан. 1952-жылы архитектор М.Миловдун жана инженер Л.Хворостинскаянын жетекчилиги астында шаардын толук кандуу башкы планы түзүлгөн.
Бүгүнкү күндө Нарын шаарында 1979-жылы архитекторлор Н.Карпенко, В.Иванов, А.Стрижаченко, Л.Гришковец тарабынан иштелип чыккан башкы план боюнча иштер жүрүүдө.