Turmush — Кыргызстанда жалпы 40 район бар. Turmush басылмасы учурда бул райондорду жетектеген акимдердин жашы канчада экенин тактады. Өлкөдөгү эң жаш аким 32 жашта болсо, эң улуусу 61 жашта. Акимдердин арасында бир да айым жок.
Акимдер президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча, министрлер кабинетинин төрагасынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат. Мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоону күчөтүү максатында акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо укугу берилген.
- Бишкек шаарындагы 4 район акимин борбор калаанын мэри дайындайт.
Мындан тышкары, аким айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат.
Turmush басылмасы район акимдери боюнча маалыматтын жаңы нускасын сунуштайт. 2026-жылдын 19-февралына карата акимдердин орточо жашы — 47-52.
_____________________
Баткен облусунун Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан 1993-жылы 8-октябрда туулган (32 жашта).
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Сарылбек уулу Улан 1992-жылы 11-мартта туулган (34 жашта).
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Калдаралиев Канатбек Айдарбекович 1991-жылы 3-сентябрда туулган (34 жашта).
Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Эргешов Азамат Казыбекович 1990-жылы 18-декабрда туулган (35 жашта).
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Бектуров Алтынбек Жунусович 1988-жылы 2-июнда туулган (37 жашта).
Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Айтиев Тариел Жолдошбекович 1988-жылы 13-мартта туулган (38 жашта)
Талас районунун акими Астанакулов Байышбек Кахроманович 1988-жылы 13-мартта туулган (38 жашта).
Баткен облусунун Лейлек районунун акими Жеңишбек Асылбек 1988-жылы туулган (38 жашта).
Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими Амангелдиев Медербек Амангелдиевич 1986-жылы 6-октябрда туулган (39 жашта).
Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Бапаев Чыңгыз Арстанбекович 1985-жылы 24-августта туулган (40 жашта).
Нарын районунун акими Каримов Залкарбек Абдурасулович 1984-жылы 10-октябрда туулган (41 жашта).
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими Абыкеев Темирболот Асаналиевич 1984-жылы 25-декабрда туулган (41 жашта).

Талас облусунун Бакай-Ата районунун акими Ашимов Бекмурза Маматович 1983-жылы 1-майда туулган (42 жашта).
Чүй облусунун Москва районунун акими Ташбаев Илияз Азизбекович 1983-жылы 12-октябрда туулган (42 жашта).
Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Чуштуков Жолдошбек Бахтиярович 1982-жылы 28-майда туулган (43 жашта).
Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими Шамырканов Мирбек Турдубекович 1982-жылы 3-апрелде туулган (43 жашта).
Ош облусунун Ноокат районунун акими Шейшеканов Данияр Турдубекович 1982-жылы 6-августта туулган (43 жашта).
Чүй облусунун Кемин районунун акими Тутуев Канболот Мусаевич 1982-жылы 19-августта туулган (43 жашта).
Талас облусунун Манас районунун акими Суюнбаев Бакытбек Сапарбаевич 1982-жылы 5-июнда туулган (43 жашта).
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Саргазаков Максатбек Таштанбекович 1979-жылы 28-июлда туулган (46 жашта).
Ош облусунун Өзгөн районунун акими Апбасов Каныбек Сагынбекович 1980-жылы 2-мартта туулган (46 жашта).
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими Ишенбеков Таалай Ишенбекович 1978-жылы 19-ноябрда туулган (47 жашта).
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акими Камчыбеков Мирлан Мамырбекович 1978-жылы 3-августта туулган (47 жашта).
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими Кулубаев Дамир Садырбекович 1978-жылы 5-мартта туулган (48 жашта).
Чүй облусунун Сокулук районунун акими Ташкулов Илияз Акжигитович 1979-жылы 27-майда туулган (46 жашта).
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими Сыдыков Замирбек Бейшенович 1979-жылы (47 жашта).
Ысык-Көл облусунун Түп районунун акими Мадяров Тимур Мысырович 1978-жылы 20-июлда туулган (47 жашта).
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Бахавадинов Эрмек Ибрагимович 1978-жылы 6-январда туулган (48 жашта).
Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Шербаев Мухтар Нурмаматович 1977-жылы 24-декабрда туулган (48 жашта).
Баткен районунун акими Иманалиев Данир Белекович 1977-жылы 25-апрелде туулган (48 жашта).
Талас облусунун Айтматов [мурунку Кара-Буура] районунун акими Умаров Нурланбек Эшмаматович 1976-жылы 13-сентябрда туулган (49 жашта).
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун акими Сенирбаев Алтынбек Жыргалбаевич 1975-жылы 5-майда туулган (50 жашта).
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович 1974-жылы 8-июнда туулган (51 жашта).
Ош облусунун Алай районунун акими Сапаров Адыл Солтоевич 1974-жылы 22-сентябрда туулган (51 жашта).
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Эшмукамбет уулу Нурлан 1974-жылы 6-апрелде туулган (52 жашта).
Ош облусунун Араван районунун акими Эркимбаев Данияр Жантаевич 1973-жылы 3-августта туулган (52 жашта).
Ысык-Көл районунун акими Ормонов Жапарбек Туратович 1973-жылы 23-апрелде туулган (52 жашта).
Чүй облусунун Панфилов районунун акими Масаидов Бекмаат Юлдашович 1972-жылы 5-декабрда туулган (53 жашта).
Нарын облусунун Кочкор районунун акими Досалиев Баялы Атамырзаевич 1968-жылы 14-сентябрда туулган (57 жашта).
Нарын облусунун Жумгал районунун акими Набиев Адыбек Асанович 1968-жылы туулган (58 жашта).
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Осмонов Бактыбек Арапбаевич 1967-жылы 11-июнда туулган (58 жашта).
Чүй облусунун Жайыл районунун акими Бурканов Имамназар Апызович 1965-жылы 18-августта туулган (60 жашта).
Чүй районунун акими Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович 1964-жылы 1-сентябрда туулган (61 жашта).
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими Тюкебаев Акылбек Алиякунович 1964-жылы 20-октябрда туулган (61 жашта).