Turmush — Талас районунун Беш-Таш айылынын 50 жаштагы тургуну, ашпозчу Людмила Асранкулова ырчылык өнөрүн дагы кесипке айланткан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Талас районунун Орто-Арык айылында чоңойгон. Кийин Беш-Таш айылына келин болуп келген.
«Жолдошум Нуржан Кокулов экөөбүздү тааныштарыбыз эле табыштырып койгон. Бирибизди көргөндө эле жактыруу сезимдер болуп, анан жакшы сүйлөшүп баш коштук. Мени үйүнө алып бара электе менин ысымымды угуп, жакындарыбыз орус кызды алып келет экен деп ойлошкон экен. Мен барганда кыргыздын кызы экен деп сүйүнүшкөн. Кайын ата, кайын энем кары кишилер болгондуктан атыма тилдери келбей Либа дешчү.
Негизи ысымымды атам койгон экен. Ал киши каза болуп калган. Орустун ырчысы Людмила Зыкинадай атактуу ырчы болсун деп тилек кылып койгон экен. Жашоо чындыгында эле атамдын тилегин берди десем жаңылбайм. Өзүм турмушта ашпозчулук менен айлык тапсам, ырчылык өнөрүмдү дагы таштабай алып жүрөм. Кичинемден эле ырдачумун. Көчөдөгү өзүм менен тең курактагы балдарды чогултуп алып концерт койчумун.
Кийин балдар бой жеткенде жолдошум экөөбүз Москвага иштеп кеттик. Ал жакта 10 жыл эмгектендик. Ал жактан дагы менин ысымымды уккан орустар «өзүңдүн чын атыңды айт» деп калышар эле. Телефондон жумуш боюнча сүйлөшүп, ысымымды айтам. Анан барсам эле кыргызсыңбы деп таң кала карап калышчу.
Анан ал жакта иштеп жүрүп кыргыздар чогулган жерге бардым. Ал жактан ырдаганымды «Шайыр энелер» тобу көрүп калып мени чакырышты. Ошол тапта жолдошум дагы «өзүңө жакса ырдай бер» деп колдоду. Ошентип ал топ менен Россиянын көп жерин кыдырдык. Көп сахналарында ырдап жүрдүк. Азыр ойлосом, биздин кийимибизге, уккулуктуу ырларыбызга бир гана өзүбүздүн мекендештер эмес, орустар, башка улуттун өкүлдөрү дагы кызыгып, көп келишчү. Ар бир концерттен кийин көптөр келип сүрөткө түшүп кетишчү эле. Кийин өзүбүздүн кичи мекенибизге кайттык.
Бул жакта дагы ашпозчу болуп иштейм. Бирок ырдап бериңиз дегендерге жок дебейм. Тойлорго, жакшылыктарына барып, эстрада ырларын аткарып берем. Бир жолу эсимде сахнада Мыскал Өмүрканованын ырын ырдап жатканда бир эже менен байке ооздорун ачып туруп калганда өзүм таң калгам. Мени ушундай угуп жатышат деп өзүм менен сыймыктанган элем», - деди ал.
Ашпозчу айым 4 уул, 1 кыздын апасы. 3 уулу үй-бүлөлүү.