Turmush — Лейлек айылынын тургуну Касым Акбаров үйүндө жыгач эмеректерди жасап киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, анын колунан чыккан эмеректерди Лейлек районунун көп айылдарынан кездештирүүгө болот. Ал бул устачылык ишин 1 жыл мурда баштаган. Азыр тынымсыз буйрутмалар түшүп, жумуш өз нугунда жүрүп жатат.
«Бизде эмерек жасалбайт эле. Кошуна Тажикстан, Өзбекстандан чыккан эмеректер сатыкта турат. Ошол жактан алдыргандар болот. Мына азыр эми өзүбүздөн да чыгып жатат. Сапаттуу кылып жасап жатабыз. Үй-бүлөм менен бирге балдарга, чоңдорго керебет, шкаф, үстөл, парта, бардык үй эмеректерин жасап сатыкка чыгарып жатабыз. Айылдаштар, райондун жашоочулары буйрутма берип, алыс барбай ушул жерден эле алып жатышат. Жумуш баштоо үчүн эч кайсы жерден жардам алганыбыз жок. Грант алган эмеспиз. Эми дагы да ушул устаканабызды кеңейтип, жумушчу алсак жакшы болот эле. Анткени жумушсуз жүргөндөр бар. Анан да суроо-талап көп. Анткени азыр ар эле той, маарекелерде ушундай эмеректер берилип калбадыбы», - деди ал.
Устаканада 3 киши жумуш менен камсыз болгон.