Turmush — Бүгүн, 19-сентябрда Баткен шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.
«Урматтуу эл-журт, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, президент тарабынан бүгүн мамлекетибизде аза күтүү күнү деп белгиленген. Мен ар бир кыргыз элиме көңүл айтам. Буга чейин мындай кайгылуу күндөр өлкөбүздө болгон. Буюрса бул күндөр да өтөт.
Ушул жерде каза тапкан баатыр жоокерлерибиздин жакындарына көңүл айтам. Ата-энелер жоокерлерибизди "мамлекетибизге кызмат кылсын, элибизди коргосун" деп биздин колубузга тапшырган эле. Ал жоокерлер мага баламдай болуп калган. Мен жоокерлеримди, балдарымды жоготтум. Бирок мамлекетибиздин бүтүндүгүн, бүгүнкү күндөгү бардык чек арасын өз калыбында сактап калдык. Баатыр жоокерлерге таазим этем. Менин жоокерлерим акыркы мүнөттөргө чейин «элим-жерим» деп курман болду.
Урматтуу каза тапкан жоокерлердин ата-энелери, мен силердин алдыңарда жоопкермин. Силердин балдарыңарды сактап бере албадым. Бирок ата-энелер ар дайым "Балдарым чоңойсо, эли-жерине пайдасы тийсин" деп айтып келгенсиңер. Силердин дубаңар кабыл болду. Балдарыбыз, курман болгон жоокерлерибиз мамлекетке пайдасын тийгизип, эли-жерин сактап калды. Мындан ары ушундай кайгылуу окуялар болбошу үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз. Мамлекетибизди эч кимге бербестен сактап калууга биз милдеттүүбүз жана ошол милдетти толук аткарабыз. Дагы бир жолу каза тапкан жоокерлердин ата-энесинен кечирим сурайм.
Бүгүнкү кырдаал боюнча маалымат бере турган болсом, кырдаал оор жана стабилдүү. Бүгүнкү күндө "кооптуулук жок, үйүңөргө кайткыла" деп айта элекмин. Себеби кооптуулук жок болгондо гана айта алабыз. Коңшулар менен кошо оор техникаларды чек арадан алып кетүү процесси жүрүп жатат. Кээ бир жерлерде өтө оор жүрүп жатат, аны да моюнга алыш керек. Түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Буюрса ошол комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 1-2 күндүн ичинде толук коопсуз болгондон кийин гана элибизди алып келгенге аракет кылабыз. Андан сырткары көптөгөн үйлөрүбүз жабыркаган. Толук эмес маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө 300гө жакын үй жабыркады. Ошол үй-бүлөлөрдү кайра өздөрүнүн үйүнө алып келе албайбыз. Бирок тез аранын ичинде чара көрүп, үйлөрүн ордуна коюп, алып келебиз», - деди ал.
К.Ташиев кемчиликтер бар экенин мойнуна алды.
«Эл убактылуу ар түрдүү жерлерге көчүрүлгөн. Дислокация болгон жерлерди жакшы билебиз жана аларга дары-дармек, тамак-аш толугу менен жеткирилип жатат. Бул боюнча жеке өз көзөмөлүмө алып турам. Туура, кемчиликтер бар, аны моюнга алыш керек. Баары тегиз, жакшынакай болуп жатат деп айтуудан алысмын. Себеби ушундай оор кырдаал түзүлгөн маалда сөзсүз кемчиликтер болуп, биз менен кошо жүрөт экен.
Ошондуктан бул маселе боюнча элге кайрылып, айтып кетишим керек. Сабыр кылыңыздар, мындан дагы оор күндөр башыбыздан өткөн. Ошондо да сабыр кылганбыз. Бир күн, эки күн, бир ай, алты ай, бир жыл болсо да кыйналганбыз. Ошондо да баарын калыбына келтиргенбиз. Ошондуктан сабыр кылыңыздар. Мен баткендиктер менен, Баткен эли менен аягына чейин ушул жерде болом. Эч кандай эч жакка кетип калбайм. Кол шилтеп, эч ким кетип калбайт. Мамлекетибиз жарандарын толук бойдон кароого милдеттүү деп эсептейм», - деди К.Ташиев.
Ал тажик тарап менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгында облустук деңгээлде комиссия түзүлгөнүн кошумчалады.
«Тажикстан менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде облустук деңгээлде комиссия түзүлгөн, комиссия иштеп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен бир аздан тычтык орной баштады», - деди ал.
Оперативдүү маалымат боюнча, 18-сентябрь саат 22:00гө карата каза болгондордун жалпы саны 59 адамга жетти. Анын ичинде жаш балдар бар. Жабыркагандардын саны 163 адамды түзөт.
- 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу башталган. 17-сентябрга чейин абал курч болду. Тажик тарап чек ара сызыгында ок атышууну толугу менен токтотуу боюнча келишимге карабастан аткылоону улантты.
Баткенде 136 миңден ашык жаран үйүн таштап качууга аргасыз болушкан.