Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарындагы Жантаев жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилишинде жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан окуучу баланы унаа сүздү.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя 8-апрелде саат 16:40 чамасында болгон. Айдоочу дароо токтоп, жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөткөн.
Ал эми Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, ушул эле күнү болжол менен саат 14:45 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 64-чакырымында “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү унаа батыштан чыгышты көздөй бара жатып, 2016-жылы туулган жөө жүргүнчү — мектеп окуучусу А.Д.А.ны унаанын оң күзгүсү менен сүзүп алган.
Жабырлануучу жеңил жаракат алып, Чүй райондук ооруканасына жеткирилген.