Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунда Спорт жана дене тарбиячылар күнү белгиленди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы «Соң-Көл» кинотеатрында өткөрүлдү. Райондогу жалпы билим берүү мектептеринде эмгектенип жаткан дене тарбия мугалимдерине, райондогу атайын спорт мектептеринин машыктыруучуларына райондук администрациясынын, спорт башкармалыгынын жана билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары тапшырылды. Иш-чара маданият үйүнүн кызматкерлеринин жана «Мүрөк» бийчилер тобунун концерти менен улантылды.
Ошондой эле райондук спорт башкармалыгы тарабынан жобо иштелип чыгып, дене тарбия мугалимдери арасында баскетбол, стол үстүндөгү теннис оюндары уюштурулуп, жеңүүчүлөр Нарын облустук спорт башкармалыгынын дипломдору жана медалдары менен сыйланышты.
Баскетбол боюнча:
- 1-орун — Байзак командасы;
- 2-орун — Чаек командасы;
- 3-орун — Миң-Куш командасы.
Мындан сырткары, оюнда өзгөчөлөнгөн спортчуларга «Мыкты оюнчу», «Мыкты коргоочу», «Мыкты чабуулчу» наамдары ыйгарылып, Нарын облустук спорт башкармалыгы тарабынан дипломдор жана медалдар тапшырылды.
Таяк тартыш боюнча Нарын облусунун биринчилигинде Жумгал районунан катышкан 6 спортчунун ичинен 4 спортчу 1-орунду, 1 спортчу 2-орунду, ал эми кыз-келиндер арасында 1 айым 1-орунду камсыз кылды.