Turmush — Ош шаарындагы мектептин мугалими менен окуучунун апасына кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 9-март күнү Ош шаарынындагы «Юниум» жеке мектебинин мугалими милицияга арыз менен кайрылып, аны 1 класстын окуучусунун апасы ургандыгын билдирген.
Ошол эле күнү окуучу баланын апасы дагы мугалимдин үстүнөн арыз жазган. Тараптардын арызы Ош ШИИБде катталып тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тергөө кызматынын жүрүшүндө аталган мектептин айланасындагы, имараттын ичиндеги камераларындагы видеожазуулар алынган. Мектеп окуучусунун энесинин мугалимге карата жасаган кыймыл-аракети коомчулукка жарыяланган видеоматериал аркылуу маалым болгон.
«Тергөө ишинин жүрүшүндө аталган мектептин мугалиминин дагы камераларга түшүп калган аракеттери көрүлгөн. Анда мугалим өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарбай окуучуларга ырайымсыз мамиле жасагандыгы, педагогикалык принциптердин негизинде тарбия берүү талаптарын бузуп, өз милдеттеринен аша чапкан учурлары аныкталган. Тергөө кызматы бул окуяга жаш баланын катыштыгы бар экендигин эске алып, ал видеону коомчулукка жарыялоодон карманууда. Ал видеону жарыялоо балдардын укуктарын бузуу же зомбулукту жайылтуу катары бааланышы мүмкүн. Бардык видеоматериалдар кылмыш ишине тиркелет жана соттук кароого жөнөтүлөт.
Бул факты боюнча толук кандуу тергөө аракеттерин жүргүзүү максатында мугалимдин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренесинде (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) каралган кылмыштын белгилери байкалгандыктан кылмыш иш козголгон.
Ошол эле мезгилде аталган факты боюнча алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуучунун энесинин аракетинде Кылмыш-жаза кодексинин280-беренесинин 1-бөлүгү (бейбаштык) менен каралган кылмыштын белгилери байкалгандыгына байланыштуу кылмыш иш козголду.
Азыркы учурда бул факты боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.
Иштин чоо-жайы:
Буга чейин 3-апрелде Ош шаарындагы мектептердин биринде окуучунун апасы мугалимге көтөргөн учурда тартылган видео социалдык тармактарга тараган.
Видеодо белгисиз аял мектепке келип, «менин баламды эмне үчүн урасың?» деп мугалимди башына жана бетине чаап жибергенин көрүүгө болот. Аял менен кошо келген эркек киши мугалимге акаарат сөздөрдү айткан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул факты боюнча милицияга арыз түшкөнүн билдирген.
«Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү окуяны териштирип жатат. Мугалим тарабынан жазылган арыздын негизинде териштирүүнүн жыйынтыгында кол көтөргөн адамдын иш-аракетине мыйзам чегинде баа берилет», - деп айтылган маалыматта.
Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 2026-жылдын 9-март күнү Ош шаарындагы «Юниум» жеке менчик мектебинде орун алган. Видеодо кол көтөрүп жаткан ата-эне О.А. 10-март күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгына арыз менен кайрылган. Арызда баласы Ш.У. 1-класста окугандыгын, ал мектепте иштеген Ч.А. аттуу мугалим баласын ургандыгын жазган.
Аталган окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканда «Юниум» жеке менчик мектебинин директору К.Ч. жана аты аталган мугалим Ч.А. чакырылып, түшүнүк каттары алынган. Анда мугалим Ч.А. баланын тентектик кылып, улам сабакта башка окуучуларга тоскоолдук жарата бергенин жазган. Муну менен кошо аталган жагдай боюнча мугалим мектеп директорунун окуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басарына билдирип, ата-энесине кабар берүүнү өтүнгөнүн кошумчалаган. Баланын апасы ошол замат келип, мугалим экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралып, мугалимге кол көтөргөн.
«Башкармалык эки тарапты тең элдештирүүгө бир топ жолу аракет жасаган, бирок маселе ачык бойдон калган. Андан соң эки тарап тең бири-биринин үстүнөн тийиштүү органдарга арыз жазышкан. Мугалим Ч.А. билдиргендей, аны сабаган жарандын агрессиясы улам күчөй бергендиктен бул видеону соцтармактарга чыгарып салууга аргасыз болгон», - деп айтылган маалыматта.
- Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Юниум» билим берүү комплекси мекемесинин түзүүчүсү жана жетекчиси — Кошиева Чолпон Асанбековна. Мекеме 2013-жылы 24-октябрда каттоодон, 2026-жылы 6-мартта кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: жалпы орто билим (экинчи баскыч).