Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында жайгашкан №53 М.Ботобеков атындагы орто мектебинин имараты 5 жылдан бери мамлекетке өтпөй келет. Бул тууралуу Turmush басылмасына айыл тургуну Раимберди Вахапов билдирди.
Анын айтымында, мектептин имаратынын курулушуна өз эсебинен акча бөлгөн.
«Мектептин курулушу 2021-жылы аяктагандан кийин мамлекетке өткөрсө керек деп ойлодум. Бирок мектеп баланска өткөрүлө элек. 2024-жылдан кийин мектепти мамлекетке өткөрүүгө аракет кылып жүрдүм. Бул боюнча 1-2 жолу Бишкекке да бардым, бирок эч натыйжа болгон жок. 2024-жылы эл мени курултайга жөнөттү. Бирок курултайда да сөз жетпеди.
Менден мектептин курулушуна 4 миллион сомдун тегерегинде акча каражаты кеткен. Азыр андай мектепти 30-40 миллион сомго салышууда. Келип, көрүп, мамлекетке өткөрүп беришпейби? Окуучулар 5 жылдан бери мектепте окуп жатышат, дубалында жарака да жок. Курулуштун долбоору бар, Жалал-Абад облусунда башкы архитектор болуп жүргөн жигит жазган. Долбоору жок мектепти салуу мүмкүн эмес», - деди ал.
Раимберди Вахапов мектептин курулушуна айыл өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнбөгөнүн кошумчалады.
«Тендер болуп, курулуш компаниясы салбады деген айып коюп жатышат. Айыл өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнгөн эмес. Өзгөн районунун акиминен 1 миллион сом, ошол учурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров тарабынан 3 миллион сом берилген. Калганы менин эсебимден кеткен. Мен акчаны өзүмдүн каражатым менен берип, колум менен иштеттим. Мамлекет эмеректерге бөлгөн акчаны да көзөмөлдөдүм. 5 жыл болду, бир парта да сынып же сыйрылган жок. Себеби баарын өзүм көзөмөлдөп жасаттым. Корпустун жанындагы чоң мектепти да айыл тургундары менен кошо ашар жолу менен бүтүрүп бергенбиз. Мектеп мамлекетке өткөрүлүшү керек. Азыр бул аты-жөнү жок эле мектеп болуп турат», - деди ал.
Ал эми Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алайчиев Turmush басылмасына берген комментарийинде мектеп мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөгөнүн жана мамлекеттик курулуштарды көзөмөлдөө инспекциясына катталбаганын билдирди.
«Мектептин курулушу 2020-жылы башталып, 2021-жылы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген экен. Алар долбоорсуз эле куруп коюшкан. Долбоор болгон. Курулуштун долбоордук-сметалык иш кагаздары мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөгөн жана мамлекеттик курулуштарды көзөмөлдөө инспекциясына катталган эмес. Бүгүнкү күндө мектепти мамлекеттин эсебине өткөрүү кыйын болуп жатат. Курулушту көзөмөлдөө инспекциясына катталуу керек. Алар макул болушу зарыл, андан кийин курулуш башталат да. Негизи бул менин милдетиме кирбейт, бирок мектепти мамлекетке өткөрүүгө аракет кылдым» ,- деди ал.
Кароол айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, Кароол айылындагы М.Ботобеков атындагы №53 орто мектеби 1976-жылы 340 орунга ылайыкташтырылып курулуган. Окуучулардын саны өсүп жатканынын эске алып, айыл тургуну Р.Вахаповдун демилгеси менен 2021-2022-жылдары кошумча 120 орунга ылайыкташтырылган имарат курулган. 7,2 млн сомго курулуш бүткөрүлгөн.
Курулушка Өзгөн өнүктүрүү фондунун эсебинен 3,1млн сом бөлүнүп, жеке ишкер Р.Вахаповдун эсебинен 1,5 млн сом, демөөрчүлөрдүн эсебинен 2,6 млн сом каралып, жалпы 7,2 сом жумшалган.
Өз убагында курулуштун долбоордук-сметалык иш кагаздары мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөгөндүктөн жана мамлекеттик курулуштарды көзөмөлдөө инспекциясына катталбагандыктан пайдаланууга уруксат алуу мүмкүн болбой жатат.
2026-жылдын 26-март күнү Жогорку Кеңештин депутаттарынын эл менен болгон жолугушуусунда аталган мектептин иш кагаздары боюнча суроо берилип, анын негизинде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тарабынан айыл өкмөтүнө жана курулуштун иш кагаздарын мамлекеттик экспертизадан өткөрүп, мыйзам талаптарына алып келүү боюнча тапшырмалар берилген. Бүгүнкү күндө аталган инспекция менен биргеликте тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдө.