Turmush — Чүй облусунун окуучулары республикалык олимпиаданын 4-этабында жалпы командалык эсепте 3-орунду багындырды. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Раимбек Султанов билдирди.
Анын айтымында, республикалык олимпиаданын 4-этабы 2026-жылдын 27-28-мартында өттү. Ага Чүй облусунан 40 окуучу катышты.
«Республикалык олимпиаданын 3-этабынан ( облустук) жеңүүчү аталган 40 окуучу республикалык этабда билим күчүн сынашты. Жыйынтыгында 7 окуучу алдыңкы орундарды багындырып, облус командалык эсепте алдыңкы орунду багындырды», - деди ал.
Кечээ, 30-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда сыйлоо аземи өтүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылды. Командалык эсепте алдыңкы үчтүккө кирген Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй облусунун жетекчилерине министрликтин ыраазычылык каты берилди.
Олимпиадада алдыңкы орундарды алган окуучулар:
- 1-орун (химия) — Злата Юденкова, Токмок шаарындагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Үмүт» лицейи филиалынын 10-класстынын окуучусу;
- 2-орун ( химия) — Нурай Нурланова, Токмок шаарындагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Үмүт» лицейи филиалынын 11-классынын окуучусу;
- 2-орун (орус тилинде окутулган билим берүү мекемесиндеги кыргыз тили) — Динара Рыскелдиева, Токмок шаарындагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Үмүт» лицейи филиалынын 11-классынын окуучусу;
- 3-орун (математика) — Умар Сапарбеков, Жайыл районундагыТокмок шаарындагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Жайыл баатыр атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу;
- 3-орун (физика) — Татьяна Садыкова, Кант шаарындагы Зубков атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектебинин 11-классынын окуучусу;
- 3-орун (биология) — Асхат Алыбаев, Сокулук районундагы «Силк Вей» эл аралык мектебинин 9-классынын окуучусу;
- 3-орун (физика) — Эльдана Ашырова, ТТокмок шаарындагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Үмүт» лицейи филиалынын 11-классынын окуучусу.
Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу IV этабы 27-28-март күндөрү Бишкекте өткөрүлдү. Ага өлкө боюнча олимпиаданын III (облустук) этабында жеңишке жетишкен мамлекеттик жана жеке менчик мектептерден 322 окуучу 17 предмет боюнча катышты.
Жалпы жыйынтык:
- 1-орун — 19 окуучу;
- 2-орун — 18 окуучу;
- 3-орун — 17 окуучу.
Командалык эсеп:
- Бишкек шаары — 21 орун, 49 упай менен 1-орун;
- Ош шаары — 8 орун, 16 упай менен 2-орун;
- Чүй облусу — 7 орун, 11 упай менен 3-орун.