Turmush — Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектептин 6 мугалими «КМШнын мыкты мугалими» («Лучший педагог СНГ») сынагына катышып, жеңүүчү аталды.
Мектептин мугалими Чолпон Рахманованын айтымында, сынак Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн педагогдору ортосунда байланышты чыңдоо, мыкты мугалимдерди аныктоо жана билим берүү тармагындагы жаңы идеяларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн. Иш-чара Bilim-Orkeniet илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулуп, Казакстан Республикасынын Билим берүү министрлигинин маалыматтык колдоосу менен өткөн.
«Бул сынакка мектеп мугалимдери, бала бакчанын тарбиячылары жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышып, өздөрүнүн кесиптик жетишкендиктерин, усулдук иш тажрыйбаларын жана жаңычыл демилгелерин сунушташты. Биздин мектептен катышкан 6 мугалим жогорку деңгээлде даярдык көрсөтүп, эмгеги, чыгармачылыгы жана кесипкөйлүгү менен айырмаланып, “Мыкты мугалим КМШ” наамына татыктуу болушту. Жеңүүчүлөргө атайын төш белгилер, статуэткалар, дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды», — деди Чолпон Рахманова.
«КМШнын мыкты мугалими» наамын алган педагогдор:
Кавар Күрөңкеева — башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы,
Байсогур кызы Нарынкүл — башталгыч класстын мугалими,
Сагынбү Рахман кызы — башталгыч класстын мугалими,
Нуржаз Ташыбек кызы — башталгыч класстын мугалими,
Гүлипа Мамбетакунова — музыка мугалими,
Айжаркын Садыкбаева — уюштуруучу.