Turmush — Жумгал районунун Байзак айыл аймагында менчикке өтүп кеткен 2 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын Жумгал району боюнча улук инспектору Ишенбек Жусупов билдирди.
Анын айтымында, Кара-Жээк аймагынын жайгашкан №2516 контурдагы 2 гектар чабынды жер жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын арызын Жумгал райондук соту канааттандырып, 2006-жылдын 6-августунда түзүлгөн №73 сатып алуу келишими жокко чыгарылды. Натыйжада 2 гектар айыл чарба багытындагы жер аянты толугу менен мамлекетке кайтарылды.