Turmush — Бүгүн, 31-мартта Ноокен районунун Кызыл-Туу айылындагы №25 «Бакыт» бала бакчасынын ашканасындагы суу жылыткычтын жарылышынын чоо-жайы белгилүү болду.
Маалым болгондой, куткаруучуларга саат 8:25 мүнөттө маалымат түшкөн. Таңкы саат 6:00 чамасында бала бакчанын ашканасындагы 80 литрлик суу жылыткыч жарылган. Каза болгондор, жаракат алгандар жок. Кырсыктын кесепетинен ашкана, 3 бөлмө кампа, кир жуучу жай, коридор, үтүктөөчү жай, (жалпы 195 метр квадрат) 11 бөлмө авариялык абалга келген.
Бул бала бакчада 130 бала тарбияланып, 21 адам эмгектенет.
Буга чейин Кызыл-Туу айылындагы балдар бакчасында суу жылыткыч жарылганы кабарланган.
«Бүгүн эртең менен айылдагы №25 “Бакыт” балдар бакчасында жарылуу болду. Саат 6лар чамасында кароолчу келип, дарбазанын кулпусун ачып жаткан учурда катуу жарылуу угулган. Натыйжада имараттын ичиндеги дубалдар урап, бронь эшик орнотулган жеринен жулунуп чыгып кеткен. Баары кудум бомба түшкөндөй абалда болуп калды. Кийин текшергенде ашканада турган 100 литрлик суу ысытуучу аристон жарылганы белгилүү болду. Бакчанын кызматкерлери өткөн жылы аристонду тазалатып, оңдотуп иштетип келишкен экен. Бактыга жараша, ошол учурда имаратта ашпозчулар да, балдар да болгон эмес. Учурда тиешелүү кызматтар иш алып барып жатышат», - деген жергиликтүү тургун Надырбек Ташбаев.
Бул мекеме балдар бакчасы 2016-жылы капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram