Turmush — Жогорку сот 2023-жылы Кара-Суу районундагы айылда жасалган каракчылык боюнча айыпталган 36 жаштагы аялдын ишин карап чыкты. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Розихон (аты өзгөртүлдү Р.В.Д.) жеңил акча табуу максатында 1994-жылы туулган Солимбой (аты өзгөртүлдү Д.С.) аттуу таанышы, 2009-жылы туулган уулу З.Н. жана Адолат (аты өзгөртүлдү) аттуу кызы менен биргеликте 2023-жылдын 31-августунда түнкү саат 00:10 чамасында унаа менен Кара-Суу районунун Жийделик айылына келген. Түнкү саат 02:00 чамасында Солимбой экөө медициналык бет кап тагынып, мурдатан тааныш болгон Шахрухтун (аты өзгөртүлдү М.Ш.Х.) үйүнө киришкен. Өздөрү менен ала келген газ балонду (перцовый балон) Шахрухтун жүзүнө чачып, скотч менен эки колун, эки бутун жана оозун байлап, белгисиз дары-дармектерди Ш.М. оозуна мажбурлап тыгып, ичирип, уруп тепкилешкен.
Андан кийин аны коркутуп, «Мен Розихондун 700 миң сомдук машинасын алып, сатып жибергенмин. Акчасын 28-августта төлөп беремин деп «срок» алганмын. Акчаны кылып беремин» деп тил кат жаздырышып, 19 миң сом накталай акчасын, паспорттун, банктык карточкасын, шкафта илинип турган 5 даана куртканы, бир норка тумакты жана Шахрухтун аялы И.С.И.нин кийимдерин, ашканада турган бычактарды, магнитафонду, ноутбукту, дасторконду жана азык-түлүктөрдү алып, өздөрү айдап келген унаа менен качып кетишкен. Жабырлануучуга жалпысынан 67 миң 500 сомдук өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Ош облусттук соттук-медициналык эксперттик бюросунун 2023-жылдын 5-сентябрындагы корутундусуна ылайык, Шахрух жеӊил жаракат алганы аныкталган.
Ош ОИИБ 2023-жылы Кара-Суу районунда каракчылыкка шектелген 2 адам кармалганын кабарлаган. Анда 2023-жылдын 31-августунда Кара-Суу РИИБге Жийделик айылынын 1971-жылы туулган тургуну М.Ш. арыз менен кайрылганы айтылган. Ал 31-августка караган түнү саат 00:10 чамасында ага бейтаныш болгон аял жана азиат түспөлүндөгү эркек киши ур-токмокко алып, үйүнөн 19 миң сом акчасын жана үй тиричилгик буюмдарын алып кетишкенин билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иш козголгон. Ыкчам тергөө иш-чараларынын негизинде 2-сентябрь күнү кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Р.Д. (аял) жана 1994-жылы туулган С.Д. кармалган.
Розихон бул бул фактылар боюнча Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 29-октябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-3-пункттары (өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп калуу максатында турак жайга кирүү менен куралды же курал катары колдонулуучу буюмдарды колдонуу менен жасалган каракчылык) боюнча 7 жылга, Кылмыш-жаза кодексинин 180-беренесинин 3-бөлүгү (баланы уюшкан топко, кылмыштуу коомдоштуктун курамына же оор же өзгөчө оор кылмышты жасоого тартуу менен байланышкан жосундар) боюнча 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 7 жыл 6 айга камалган.
Бул иш кайрадан 2025-жылдын 11-апрелинде Ош облустук сотунда каралып, Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз, Розихондун жактоочуларынын апелляциялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылган.
Бирок анын жактоочусу Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирип, Кара-Суу райондук сотунун жана Ош облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жөнөтүүнү суранган.
Жогорку соттун өкүмү:
Жогорку сот 2026-жылдын 28-январында иштин материалдарын карап чыгып, Кара-Суу райондук сотунун жана Ош облустук сотунун өкүмдөрүн өзгөрттү. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Розихондун эркиндигинен ажыратуу жазасынын өтөлө элек мөөнөтүнүн төрттөн бири кыскартылды. Анын жактоочусунун кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылды. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.