Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунда Нооруз майрамы белгиленди, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Бул жылы майрам район борборунда улуттук оюн-зоок, спорттук мелдеш жана айыл чарба жармаңкеси менен коштолду. Салтанаттуу иш-чарага район жетекчилиги катышып, жашоочуларды куттукташты.
Майрамга утурлай алгач маданият кызматкерлери жаз мезгилиндеги жаңылануунун, күн менен түндүн теңелүүсүн театралдаштырып көрсөтсө, ак элечек энелер аластоо ырымын жасады. Ага утурлай Түп айыл өкмөтү койгон акчалай байгеге ылайык, мыкты боз үй жасалгасы, улуттук тамак-аш көргөзмөсү боюнча сынак, айыл чарба жармаңкеси менен бирге кол өнөрчүлөр көргөзмөсү уюштурулуп, чакан концерттик программа менен коштолду.
Ал эми алдын ала кайнатылган сүмөлөк 9 түрдүү даам менен даярдалып, бетине бугунун мүйүзү түшкөнү чечмеленди.
«Өткөн жылы Нооруз майрамында кайнатылган сүмөлөк бетине Каркыра тоосунун бети түшсө, бул жылы бугунун башы жана мүйүзүнө окшоштурдук. Ал эми чечмелөө боюнча Түп району Бугу уруусунан тараган. Бугунун символу мээримдүүлүктү, кайраттуулукту даңазалайт», - деди «Каркыра» гезитинин башкы редактору Муратбек Жумакадыров.
Улуттук тамак-аш деп эсептелген сүмөлөк таратуу алдында 150 кутуга өндүрүлгөн буудай жана казанга куурма чай кайнатылып, район тургундарына таратылды.
Ал эми мыкты боз үй жасалгалоо номинациясы боюнча 1-орунга 10 миң сом, 2-орунга 8 миң сом, 3-4-орундарга 3 жана 2 миң сом сыйлык тапшырылды.