Turmush — Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл өкмөтүндөгө Жаңгак айылында жоондугу 4 кулач жаңгак өсөт. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын сураштырды.
Жергиликтүү тургундардын айтымында элет Ош—Баткен—Раззаков жолунан 12-13 чакырым түштүк-батыш тарапта, тоо койнунда жайгашкан. Бул жерде 30га жакын түтүн жашап, бири-биринен алыс жайгашкан үйлөр тоо болооруна курулган.
Айылда 400 жылдан ашуун убакыттан бери өсүп турган карт жаңгак дарагы бар. Жаңгак айылынын аталышы дагы ошол жаңгак даргына байланыштуу коюлган. Бул жаңгак бүгүнкү күнгө чейин мөмө берип келет. Айылдын аксакалдары алардын чоң аталарынын бала чагында да дарак азыркыдай эле чоң жана заңкайып турганын айтып калышат. Жаңгактын жоондугу 4 кулачтан ашат. Мөмөсү катуу болгону менен даамы ширин.
Тоо арасында жайгашкандыктан Жаңгак айылынын тургундары негизинен мал чарбачылыгы менен алектенишет. Дыйканчылыкка ылайыктуу жер жана суу тартыш экенин айтышат.