Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын тургуну Кенжегүл Кыдыралиева. Учурда ал үй кожойке, 6 баланын апасы. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен 1991-жылы 22-февралда Казакстандын Тараз шаарында жарыкка келгем. Жолдошум Дегенбаев Азисбек Зарылбекович 1991-жылы 26-декабрда туулган.
2007-жылы Жайыл районунун Кара-Балта шаарында көчүп келдик. Анда мен 16 жашта болчумун, А.Макаренко атындагы №10 инновациялык жатак-гимназиясында 9-10-класстарда окудум. 2009-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетине тапшырдым. Ошол эле окуу жайга менин жолдошум да тапшырган экен. Кийин 2016-жылы жолдошум экөөбүз тең Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетине тапшырдык.
Турмуш жолуна 20 жашымда аттандым. 2011-жылдын 24-сентябрында кыз узатуу аземи өтсө, 2011-жылдын 26-сентябрында үйлөнүү той болгон», - деди ал.
«2009-жылдын 1-сентябрь күнү университетте окуу башталганда Азисбек мени алгачкы жолу көрүп, дароо мүнөзү оор, урушчаак кыз болсо керек деп ойлоптур. А мен биринчи көрүшүүнү такыр эстей албайм, анткени тайпада адамдар көп болчу. Ошентип, алгач экөөбүз жөн гана тайпалаштар болчубуз. 10-класста менде мээнин чайкалышы (сотрясения) болуп, абдан кабатырлансам же толкундансам эс-учумду жоготуп кулачумун. Азисбек мени көтөрүп алып, университеттин бардык жагына алып барган жана үйгө чейин жеткирген адам болчу. Ал абдан боорукер жана күчтүү жигит эле. 1-курстун аягында жолдошум мага камкордугун көрсөтө баштады, бирок мен ага маани берчү эмесмин. Аны жактырбаганым үчүн эмес, диний ишенимдерим үчүн», - дейт ал.
Жолдошумду алгач атам жактырган
«Үй-бүлөдө 8 бир туугандын эң кичүүсүмүн. Агамдын үйлөнүү тоюна мал сойгонго адам табылбай калды. Улуу агаларым мал эмес, койду да соё алышчу эмес. Ал эми атам улгайып калган эле. Ошол жерден дароо Азисбек эсиме келди. Ал мага сабак учурунда мал-жандыктарды кандай карарын, аларды кыска мөөнөттүн ичинде соё аларын видео аркылуу көрсөтчү.
Ошентип, касапчылык кызматына Азисбекти чакырууну атама сунуштадым. Анан атам: "чакыр, жанына жардамчы боло турчу адамын, бычак жана балтасын кошо ала келсин" деди. Мен ага айтсам, дароо макул болуп, досу менен таң эрте келиптир. Анын жоопкерчиликтүүлүгү мени абдан ыраазы кылды. Келери менен дароо ишке киришти. Алгач менин туугандарым малды жерге жыгыта албай жатышкан. Азис болсо өзүнүн ыкмаларын колдонуп, саналуу мөөнөттөрдүн ичинде малды жерге жыгытып, бардыгын таң калтырды.
Атам мал соёрдун алдында батасын берип, кошуналарды жардамга чакыруу үчүн кеткен. Бул убакта мен келинчектин көйнөгүн үтүктөп жаткам. 40 мүнөт өтпөй, атам мен тарапка чуркап келип, тостойгон көздөрү менен "Кека-а-а" (мени үйдөгүлөр ушинтип чакырышат) деп кыйкырып жатты. Азис бир нерсени туура эмес жасап койгон окшойт деп коркуп кетсем, баары тескерисинче экен. Атам кошуналарды чакырып келгенге чейин, Азис малды союп, устукандап бөлүп, керек болсо жеңелериме ичеги-карынды жууганга чейин жардам берип, селкинчекте эс алып отуруптур. Атам Азисти кайра-кайра мактап, тамшанып бүтө албай жатты. Анан ал: "мага ушундай күйөө бала керек" деп жылмайып койду», - деди ал.
Күтүлбөгөн баш кошуу сунушу
«Агамдын үйлөнүү тоюнан кийин Азиске болгон көз караш өзгөрдү. Анын кызматы үчүн абдан ыраазы болуп жүрдүм. Ал бул учурдан пайдаланып, мени сүйүү багына чакырды. Бул жерде агамдын үйлөнүү тоюнда жаштар сейилдөөгө чыккан болчубуз. Алардын арасында Азис экөөбүз да бар элек. Ага бул жер жаккан окшойт, мындан улам мени ошол жерге чакырды, мен макул болдум. Ал менин кеч эч жакка чыкпашымды билип, окуудан кийин алып кетти. Сейил бакты аралап жүрсөк, мага күтүлбөгөн сунуш киргизди. Ал: "мага бир жылдан кийин турмушка чыгасыңбы? деди, мен болсо, "кандайча? Мага үйлөнүүгө сунуш киргизүүдөн мурда экөөбүз кыз-жигит болуп жүрүшүбүз керек болчу. Анан дагы шакек менен гүлүң да жок экен" деп жооп бердим. Чынын айтсам, анын мындай сунушун күткөн эмес болчумун. Ошондуктан учурда турмуш куруу ойдо жок экенин айттым. Бирок ал дал бир жылдан кийин мени алып кетти, ал ушунчалык айтпагынан кайтпаган жигит болчу», - деди ал.
Заматта жүзөгө ашып кеткен жакшылык
«Экөөбүз кыз-жигит катары кол кармашып, сейилдеп жүрчү эмеспиз. Жөн гана телефон аркылуу сүйлөшүп, университетте окуу учурунда гана көрүшчүбүз. Антсе да өзүн менин жигитим катары эсептечү, чогуу окуган тайпалаш балдардан кызганып жолотчу эмес. Үйлөнүү тоюбуз да күтүлбөгөн жерден болуп кеткен. Ал ата-эне жана туугандарын биздин үйгө жөнөткөн. Биз аларды жөн гана кудалашып, сөйкө салып кетет го деп ойлогонбуз. Көрсө, үйлөнүү тойго болгон даярдык катуу жүрүп жатыптыр, чакыруулар да таратылган экен. Мен мунун баарын билген эмесмин. Алар августтун аягында келишип, мени 24-сентябрда алып кетишерин айтышты. Ага менин ата-энем таң калып, "бизди кабардар кылышыңар керек болчу" деп макулдук бербей жатышты.
Ата-энем "бизге эскертип койбодуң" деп капа болуп жүрүштү. Ал эми улуу агаларым болсо, "эмнеге мынча шашылдыңар?" деп күмөн санап жатышты. Кайненем мага чалып, турмуш куруудан баш тартпоомду, уулу мени абдан сүйөрүн айтып көндүрүп жатты. Сөздүн кыскасы, ошол учурда абал мен үчүн абдан коркунучтуу эле, көп ойлонуп, ыйлап да жүрдүм. Дал ошол учурда атам мени колдогонуна байланыштуу мен ага турмушка чыгууга макулдугумду бердим.
Тойго тайпалаштардын жарымын чакырдык, дагы жарымы жана мугалимдерибиз биздин баш кошконубузга ишене албай жүрүштү. Анткени биздин кыз-жигит экенибизди эч ким билген эмес.
Жаңы үй-бүлөгө көнүп кетүү кыйынга турду. Анткени мен бир туугандардын эң кичүүсү, атакемдин эрке кызы элем. Мурунку кичинекей канбийке эмес, жубай жана жаңы үй-бүлөнүн келини болгонума көнө албай, ыйлап да жүрдүм. Улуу кызым (абдан ыйлаак болчу) жарыкка келгенден кийин гана көнүп кеттим», - деди ал.
Кайнене менен келиндин мамилеси
«Баарынан да кайненем менен жакшы мамиледе экенибизди айтып, мактана алам. Ал абдан мээримдүү, түшүнүктүү жана сабырдуу. Кандай гана жагдай болбосун мага акылын айтып, материалдык жактан болобу, руханий жактан болобу колдоосун көрсөтүп турат. Дайыма өзүмө кам көрүп, сулуу болуп жүрүшүмдү, үйдө отуруп калбастан ар тараптуу өнүгүшүмдү каалайт.
Биз апам (кайненем) экөөбүз чай үстүндө бир нече саттар бою сүйлөшүп отура беребиз. Ал мага апа гана эмес, курбум жана кеңешчим. Чогуу конокко, кафе-ресторандарга, мончого, бассейнге жана эс алууга барганды жактырабыз. Мен аны абдан жакшы көрөм жана баалайм.
Учурда 6 баланын апасымын. Айылда кайната жана кайненем менен чогуу жашайбыз. Үйдө мал чарбачылыгыбыз, Чуңкурчак капчыгайында кичи бизнесибиз бар. Мындан улам бош убактым деле жок. Ыйык китеп Куранды окуу үчүн араб тилин үйрөнгүм келет. Муну менен катар англис тилин да өздөштүрүп, балдарым менен сүйлөшө алгыдай жагдайга жетким келет», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.