Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 02.11.2018 16:01

Баткенде маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-ноябрда Баткен шаарында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык салтанат өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, салтанатта Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Баткен облусундагы жумалыгы жыйынтыкталды. Ошондой эле III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына облустун атынан катышкан маданият кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

Салтанаттын катышуучуларына Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын артисттери жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык «Жамийла» повестин сахналаштырып көрсөтүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×