Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 31.10.2018 12:00 На русском

Баткенде 9 айда 133 унаа кырсык катталып, 15 адам мерт болду

Turmush -  2018-жылдын 9 айында Баткен облусунда 133 жол кырсыгы катталып, 15 адам каза болуп, 187 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматкаа караганда, 9 ай ичинде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында 41 жол кырсыгы катталып, 1 өспүрүм каза болгон. 44 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алышкан.

Былтыркы жылдын 9 айында облус аймагында 161 жол кырсыгы катталып, 38 адам каза болгон. 288 адам ар кандай жарааттарды алышкан. Өспүрүмдөр арасында 46 жол кырсыгы катталып, 12 өспүрүм каза болуп, 44 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×