Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 29.10.2018 09:38

Баткен облустук ооруканасындагы бөлмөнүн терезе-эшиктери жаңыланды

Turmush -  Баткен облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүндө эшик-терезелер алмаштырылып, эмеректер алынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган бөлүмдүн дарыгери Абдилазиз Асановдун айтымында, бөлмөлөрдүн эшик-терезелери союз мезгилинен бери алмаштырылган эмес. Травматология бөлүмүндө жалпы 5 бөлмө бар.

IMG-20181027-WA0187 Коомдук бирикменин өкүлдөрү бир бөлмөнү толугу менен жаңылап, 4 керебет жана 1 шкаф сатып беришти. Дарыгерлер эшик-терезелердин алмашуусу менен бейтаптарга жакшы шарт түзүлгөнүн белгилешти.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×