Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 26.10.2018 15:12

Баткенде эмгек сиңирген артист М.Парпиевдин чыгармачылык кечеси өттү (сүрөт, видео)

Turmush -  Бүгүн, 26-октябрда Баткен шаарындагы Апаз Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театрынын актёру жана режиссёру Мансур Парпиевдин «Өнөр кечеси» аталышындагы чыгармачылык кечеси өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага театр кызматкерлери, жазуучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күйөрмандар катышты. Кечеде жазуучу Мырзапар Үсөндүн калемине таандык «Алымкул аталык» спектаклинен үзүндү коюлду. Ошондой эле аталган театрдын жамааты тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Мансур Парпиевге өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү тарабынан Баткен облусунун 15 жылдык медалы, ардак грамота жана акчалай сыйлык, ошондой эле Баткен шаарынын 15 жылдык медалы, акчалай сыйлык тапшырылды. Аны куттуктап келген достору, кесиптештери жана жакындары белектерин беришти.

Мансур Парпиев маданият тармагында 40 жылдан бери иштеп келет. Жубайы экөө 2 кыз, 1 уулду тарбиялашты. Ал 1980-жылдар аралыгында Баткен райондук маданият үйүндо методист болуп иштеп, драмалык ийримди жетектеп, элдик театрды түптөгөн. 2006-жылдан баштап А.Жайнаков атындагы музыкалык театрда актер жана режиссер болуп иштеп келет. Ал үстүбүздөгү жылы Баткен облустук музыкалык драма театрынын тарыхында биринчи жолу «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамына ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×