Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 22.10.2018 10:01

Баткенде Сүлүктүдөн алынып келген көмүр сатыла баштады

Turmush -  Баткен шаарында Сүлүктүдөн алынып келген көмүрдүн 1 тоннасы 6 миң сомдон сатылды.

Мэриянын маалыматына караганда, шаардыктарды көмүр менен камсыз кылуу үчүн Сүлүктүдөгү шахталар менен атайын келишим түзүлөт. Келишимдин негизинде алынып келген алгачкы 7 тонна көмүрдүн 1 кг 6 сомдон сатылды.

Былтыр шаар тургундарына жалпы 800 тонна көмүр камсыздалган болчу. Ал эми квартал башчылары да шахтылар менен келишим түзүп, 2000 тоннага жакын көмүр алынып келинген. Быйыл келишимдин негизинде 1000 тонна көмүр алып келүү пландалууда.

Ал эми шаар тургуну Нурбек Самидиновдун айтымында, Сүлүктүдөн алынып келген көмүрдүн 1 тоннасы сапатына жараша 7-8 миң сомдон сатылууда. Жергиликтүү бийлик көмүрдү шаардык мэриянын имаратынын алдында эле сатпастан майып адамдардын үйүнө жеткирип берүү жагын уюштурса болмок. Анткени алар үчүн көмүрдү үйгө жеткирүү кыйынчылыкты жаратат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×