Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 18.10.2018 19:20

Баткенде талаада иттер талаган баладан кутурманын белгилери табылган жок

Turmush -  12-октябрда Баткен районунун Ак-Татыр айылында талаадан итке таланып ооруканага түшкөн баладан кутурма оорусунун белгилери аныкталган жок. Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда баланын абалы канааттандырарлык. Ал өз алдынча тамактанып, басып, ойноп калды.

Ал эми ветеринарлардын айтымында, баланы талаган 3 иттин бирөөсү атылды. Атылган ит буга чейин эмдөөдөн өтүп жүргөн. Дагы 2 ит 7 күндөн бери байланып, ветеринарлардын байкоосунда турат. Азырынча ал иттерден да кутурманын белгиси байкалган жок.

Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев баланын абалы менен таанышып кетти.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 12-октябрда Баткен районунун Ак-Турпак айылында 8 жаштагы Б.К. аттуу баланы кутурган ит талап, оор абалда ооруканага жеткирилгени маалым болгон.

Дарыгерлердин айтымында, бала Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө саат 15:00 чамасында жеткирилген. Ит анын башын, денесин талагандыктан башына операция жасалган болчу.

Баланын атасы Кубат Пазыловдун айтымында, уулу ага талаага тамак алып келе жаткан учурда итке таланган.

«Мен талаада иштеп жаткам. Балам үйдөн мага тамак алып келе жатканда жолунан ит чыгып, тиштептир. Ит качып кетти. Шашып эле баламды ооруканага алып келдик. Уулум 3 баламдын эң чоңу. Кудайдан амандыгын, ден соолугун сурап отурам», - деген ал.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 12-октябрда Баткен облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 2010-жылы туулган бала келип түшкөн. Текшерүү учурунда башы, жүзү, мойну тиштелип, травматикалык шок абалда экендиги такталган. Баланын абалы оор. Жаракаттарына биринчи операция жасалып, атайын вакцина берилген.

Бала өзүнө келди

Андан кийин Б.К. өзүнө келип, 13-октябрда сыныктар бөлүмүнө которулган. Анын атасы Кубат Пазылов уулунун денесинде онго жакын жерине операция жасалгандыгын белгилеген.

«Бекжанды 5-6 ит талаптыр. Азыр иттердин ээлери изделип жатат. Бир иттин ээси табылбай жатат. Мен ооруканада баламдын жанынан чыга албай карап отурам. Иттердин ээси табылса, тиешелүү адистер иттердин баарын текшерип, тиешелүү аракеттерди көрүшөт», - деген ал.

Иттер текшерилип жатат

Баткен райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Дыканали Жунусалиев баланы талаган иттер текшерилип жаткандыгын билдирген.

Анын айтымында, баланы 3 ит тиштеген. Алардын экөө кутурмага каршы эмдөөдөн өткөн.

«Баланы Ак-Турпак айылындагы 3 ит тиштеген. Бала башынан, белинен, мойнунан, жалпы 10дон ашык жеринен жаракат алган. Ага ооруканадан операция жасалып, азыр кутурмага каршы дарыланууда. Ал эми иттер текшерилип жатат. Иттердин экөө буга чейин кутурмага каршы эмделген. Ал эми бирөөсүнүн ээси эмдеткен эмес. Алар азыр кармалып турат. 15 күн ичинде алардын оорулуу же таза экени аныкталат», - деген Жунусалиев.

Баткен райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кочкорбай Бердишев Баткен облусунда 15 миң ит каттоодон өткөндүгүн, бирок жолбун иттер да арбын экендигин белгилеген.

«Бизде 15 миң ит каттоодон өткөн. Ээси жок, жолбун иттер да көп. Жолбун иттерди аттыруу үчүн жыл сайын айыл өкмөттөргө акча каралат. Бирок бүгүнкү күндө ээси бар иттер деле каралбай жатат. Быйыл жыл башынан бери 500 итке паспорт бердик. Алар эмдөөдөн өткөрүлүп турат. Ар бир иттин ээси убагында эмдөөдөн өткөрүп туруусу керек», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×