Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 19.10.2018 09:20

Баткендин Подстанция жаңы конушунун тургундары электр жарыгынын азабын тартып жатышат

Turmush -  Баткен шаарынын Подстанция жаңы конушунун тургундары электр мамыларды, чубалгыларды өз алдынча тартып алышып, электр энергиясы жеткиликтүү эмес болууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жаңы конуштун тургуну Кайры Жороеванын айтымында, ток өтө алсыз болгондуктан электр мешин жага алышпайт.

«Мен жалгыз бой энемин. 2 балам бар, бирөөсү майып. Келгениме 3 жыл болду. Башта электр энергиясы жок эле. Мен өзүм мамыларды орнотуп, чубалгы тартып, жарык алып келгенбиз. Бирок сапатсыз, электр энергиясы жеткиликтүү эмес. Катуу шамал болсо колдо жасалган электр мамылары кулап, чубалгылар үзүлүп калат. Электр тогу өтө алсыз, печка иштете албайбыз. Араң эле жанат. 3 ай мурда электр чубалгылары жерге түшүп калган. Мэрияга, райондук электр тармагына кайрылдым, карабай жатышат. Балдарга кооптуулук жаратып турат», - деди ал.

Конуштун дагы бир тургуну Гүлнара Асанованын айтымында, кышында абал мындан да оор болот. Тургундардын алгачкылары 5 жыл мурда отурукташып, ошондон бери араң эле жанган жарыкта отурушат.

«Бул маселе жаңы конуш түптөлгөндөн бери бар. Жылуулукту электр энергиясынан албайбыз. Кийимди да үтүктөй албайбыз. Анткени ток өтө аз көлөмдө келет. Кышында кантебиз?», - деди ал.

Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимовдун айтымында, бул маселелерди жөнгө салууга мэриянын каражаты жетишпейт.

«Жыл башында бюджеттен шаарга 150 электр мамысы жана 5 чакырым чубалгы каралган. Андан 20 электр мамычасы жаңы конушка берилип, 1,5 чакырым чубалгы тартылган. Бирок жаңы конушка 100дөй мамыча керек. Аны толук камсыздоого шаардык бюджеттин күчү жетпейт. Эми кийинки жылга сессияда карап, чечкенге аракет кылабыз», - деди ал.

Подстанция жаңы конушунан 600 кожолукка жер тилке берилип, учурда 100гө жетпеген үй-бүлө жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×