Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 16.10.2018 13:01

Баткенде акыркы күндөрү мал уурулук көп каттала баштады

Turmush -  Баткенде акыркы 15 күн аралыгында мал уурулук фактылары көп каттала баштады. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпысынан облус боюнча 9 ай ичинде 42 мал уурулук катталса, анын ичинен 39 фактынын бети ачылып, уурдалган мал өз ээлерине кайтарылып берилди. Мал уурулуктар негизинен Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунда көп катталат.

Адатта күз келгенде эл жыйым-теримин аяктап, жайыттан келген малын санай башташат. Ошондо гана малынын саны азайганын же жайыттан түшпөй калганын такташат. Жаз алды менен жайыттарга малын чыгарганда койчулар менен өз ара келишим түзбөстөн, өз алдынча айдап жиберген фактылар дагы жок эмес. Ошондой эле талааларда мал кароосуз калгандыктан уурулук күч алган. Ошондуктан тургундар малы кайсы мезгилде жоголгонун билбей, милиция кызматкерлерине кеч кайрылышат.

Былтыркы жылы 9 айда 47 мал уурулук катталып, 34 фактынын бети ачылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×