Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 02.10.2018 13:11

Баткенде кылым карыткан карыяларга 5 миң сомдон акча тапшырылды

Turmush -  1-октябрь — Карылар күнүнө карата Баткен шаарында 2 аксакалга 5 миң сомдон акча тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар жетекчилиги Баткендин 99 жаштагы тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Рахматов Ашир атадан кабар алышты. Аксакал согуштан кийин көп жылдар билим берүү тармагында эмгектенген. Андан соң 99 жаштагы Бурканов Садык атадан кабар алынды. Атанын ден соолугу начарлап, ооруп жатканына байланыштуу акча ардагердин баласына тапшырылды.

Ал эми Баткен облусунун жетекчилиги Эмгектин ардагери, «Баатыр эне», Катыча Батыркулова ападан кабар алды. 96 жаштагы Катыча апа 8 баланы тарбиялап өстүрүп, 44 небере, 93 чебере, 23 кыбырасынын сый урматын көрүүдө. Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылда эмгектенген. Учурда угуусу начарлап калгандыктан ага угуусун жакшыртуучу аппарат алып берүү убадаланды.

Андан соң Баткен районунун Бужум айылынын 92 жаштагы тургуну Саматов Досмат атадан да кабар алынып, акчалай жардам жана азык-түлүк тапшырылды. Досмат ата Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылда, согуштан кийин колхоздо эсепчи болуп эмгектенген. 4 баласы, 14 небереси, 20 чебереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×