Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 28.09.2018 17:02

Баткен шаарындагы карыяларга сый көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Баткен шаарынын аймагында улгайган адамдарга кам көрүү иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Мындай багыттагы 1 айлык 1-октябрь — Карылар күнүнө карата жарыяланганын аймактык кабарчы билдирди.

Анын алкагында бүгүн, 28-сентябрда шаардагы эс алуу борборунда иш-чара уюштурулуп, ага карылар чакырылып, мэриянын тиешелүү кызматкерлери, бейөкмөт уюмдун жетекчиси жана фонддун өкүлү катышты. Майрамдык дасторкон уюштурулуп, андан соң карыларга акчалай сыйлык берилди. Ал эми Карылар күнүнө карата мэрия тарабынан 75 миң сом бөлүнгөн.

Баткен шаарында пенсия курагындагы 1921 адам бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×