Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 27.09.2018 12:39

Баткендеги 3 жашка чейинки балдар эми энелери менен бирге атайын борборлордо окушат

Turmush -  Баткен облустук китепканасында «Балдарды эрте жашынан өнүктүрүү үчүн оюн жана билим берүү аянтчалары» аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чарага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жана китепканачылар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Адистердин айтымында, бала төрөлгөндөн тарта 3 жашка чейин кабыл алуусу абдан жакшы болот. Ушул мезгилде балдарга туура тарбия берүү, алардын дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн аракеттерди көрүү зарыл.

Ошондуктан 3 жашка чейинки балдарга өз убагында зарыл болгон билим, тарбияны берүү үчүн республикада өкмөттүн атайын демилгеси менен «Балдарды эрте жашынан өнүктүрүү үчүн оюн жана билим берүү аянтчаларын уюштуруу» долбоору ишке ашты. Долбоордун алкагында пилоттук негизде Баткен облустук китепканасы да тандалып, адистер атайын окутуулардан өттү. Алдыда балдардын өнүгүүсү үчүн китепканалардын базасында атайын борборлорду ачуу пландалууда.

Чынара Саттарова: «Балдардын билимдүү болушуна энелердин орду чоң. Ошондуктан бул долбоордун негизинде балдар менен кошо энелери да окууга тартылып, атайын китептер менен камсыздалат. Аймактарда бул борборлорду китепканаларда ачуу менен келечек муундун билимдүү болуусуна шарт түзүү үстүндө иштеп жатабыз», - деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө мындай борборлордун ачылышы өзгөчө бала бакчага барбаган балдар үчүн өтө пайдалуу болору белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×