Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 21.09.2018 17:20

Баткен шаарында кондитердик цех ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 21-сентябрда Баткен шаарында Кызыл Айкаш уюмунун базасында кондитердик цех ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, цех Кызыл Айкаш уюмунун каржылоосу менен ачылды. Анда 3 адам иш менен камсыз болду. Аталган ишканадан түшкөн каражат Баткен облусунун аймагындагы социалдык жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары берилип турмакчы.

Цехтин ачылышына облус жетекчилигинин, аталган уюмдун өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×