Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 21.09.2018 16:20

Баткенде 61 айылга таза суу тартуу маселеси каралды

Turmush -  Ислам өнүктүрүү банкы Баткен облусунун 61 айылын таза суу менен камсыз кылуу демилгесин колдоого алууда. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Халмурзаев Ислам Өнүктүрүү банкынын жана АРИС программасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ислам өнүктүрүү банкы Баткен облусундагы таза суу менен камсыз боло турган 61 айылдын кээ бирлерин жайында көрүп, практикалык жардам көрсөтүү максатында келишти. А.Халмурзаев аларга облустун таза суу тармагы боюнча маалымат берип, элди ичүүчү суу менен камсыз кылуу жумуштарынын жүрүшүндө биргелешип иштеп, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга түздөн-түз көмөктөшө турганын илдирди.

Облустун аймагында 189 айыл болсо, анын 46 айылы союз мезгилинде таза суу менен камсыз болгон. Ал эми 57 айыл Кыргызстан эгемендүү болгондон бери таза суу менен камсыз болду. Калган 89 айылда таза суу менен камсыз кылуу боюнча көйгөй бар. Алардын 61 айылы Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен таза суу менен камсыздалуу алдында турат. Дагы 3 айыл республикалык бюджеттин эсебинен таза суу менен камсыз болот. 4 шаардын таза суусу үчүн Европа өнүктүрүү жана АБР банктары тарабынан акча каралып, тийиштүү процедуралар жүрүп жатат. Калган 19 айылга Европа өнүктүрүү жана башка банктар аркылуу каржылык жардам көрсөтүү каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×