Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 21.09.2018 12:17 На русском

А.Аширалиев Баткен ОИИБдин жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Баткен ОИИБдин жаңы жетекчиси болуп милициянын полковниги Аскарбек Аширалиев дайындалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, анын аталган кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрук 18-сентябрда чыккан. Түзүмдүн эмгек жамаатына Аскарбек Аширалиевди бүгүн, 21-сентябрда тааныштырышты.

Ал эми Баткен ОИИБдин мурдагы жетекчиси Ашым Тагаев Бишкек шаарынын Свердлов РИИБне жетекчи болуп которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×