Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 20.09.2018 11:50 На русском

УКМК БатМУда коррупциялык схеманы аныктап, 39 студенттин диплому жараксыз деп табылды

Turmush -  УКМК кызматкерлери Баткен мамлекеттик университетинде дипломдорду мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схеманы аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда түзүмдүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 2017-жылы окуу жайдын мурдагы ректору Г.М. университеттин башка кызматкерлери А.П., Г.Б., Р.Ж., Н.Х., М.Б., М.М., М.М., Кызыл-Кыядагы колледждин директору Т.О. жана Оштогу «Сулайман-Тоо» музей-комплексинин жетекчиси Э.М. менен биргеликте академиялык тактамаларды жасоо менен өлкөдөгү башка окуу жайларда окуган делген студенттерди мыйзамсыз түрдө Баткен мамлекеттик университетинин бүтүрүүчү курстарына киргизип турушкан. Мындай жол менен аталган окуу жайга 56 студент мыйзамсыз кирген.

Аталган факты боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмалоо, мамлекеттик документтерди, мөөрлөрдү колдонуу, даярдоо, жасоо беренелери менен кылмыш иш козголду. Кылмыш ишти кароонун жыйынтыгында А.П, М.Б., Т.О., Н.Х., М.М., М.М. жана Р.Ж. Баткен райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышты (шарттуу түрдө). Г.М., Г.Б жана Э.М.ге карата соттук өндүрүш иштин жарактуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулду. Сот мындан тышкары 39 студенттин дипломун жараксыз деп тапты.

Учурда УКМК билим берүү тармагындагы коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча иштерди улантып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×