Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 20.09.2018 09:42

Баткендеги жол кырсыктардан 37 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алды

Turmush -  Баткен облусунун аймагында 2018-жылдын 8 айында өспүрүмдөр катышкан 34 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облуста 20-августан 20-сентябрга чейин өткөн «Саламатсыңбы мектебим» иш-чарасында белгилүү болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун сактоо кызматынын маалыматына караганда, аталган кырсыктардан улам 1 өспүрүм каза болуп, 37 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алган. 2017-жылы өспүрүмдөр катышкан 38 жол кырсыгы катталып, 8 өспүрүм каза болсо, 42 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алышкан.

«Саламатсыңбы мектебим» иш-чарасынын алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан жер-жерлерде жол эрежесин сактоо боюнча үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×