Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 18.09.2018 12:05 На русском

Баткендеги пенсионерлер жумуш орундарын түзүп, башкаларга да жардам беришүүдө (фото)

Turmush -  Баткендеги 400дөн ашуун пенсионер элет жеринде өздөрүнө жумуш орундарын түзүп, кала берсе жакыр үй-бүлөлөргө да кол кабыш кылып жатышат.

Алардын бири — Самаркандек айылынын тургуну Уулжан Хасанова пенсияга чыкканына 13 жыл болгон.

«Эртең менен намазымды окугандан кийин эле неберелерим менен бирге ушул тооктор менен алектенебиз. Жем чачам, короого чыгарам, убактысы келгенде кайра киргизем, суу берем. Жумурткаларын жыйнайм, жөжөлөрүн карайм. Ушинтип бир нерсе менен алектенген жакшы экен. Жумурткаларын сатабыз. Неберелериме да тыйын-тыпыр чыгып турат. Балдарым келет, аларга да берем. 3 жылдан бери ушул жумурткаларын сатып, тиричиликке керектүү тамак-ашка алмашып турабыз», - деди ал.

Кызыл-Бел айылында күнөскана иштеткен Абдикерим Абдиназаров карыянын айтымында, чакан чарбачылык алардын турмушун кадимкидей кыймылга келтирип, жашоосун өзгөрткөн.

«Бир топ турмушун оңдоп алгандар болду. Мурда эч нерсе менен иши жок, үйүндө жаткан карылар эми кыймылга кирип, эртели-кеч күнөсканасынан башы чыкпай калышты. Өз колу менен өстүргөн жашылчаларды жеп калышты. Сатып жатышат. Мисалы мен помидор, бадыраң өстүрүп колум бошобойт. Тоок да багам. Ушул чарбагер пенсионерлер атайын жума сайын көрүшүп, чогулуп турабыз. Аш уюштуруп, кемчиликтер, маселелерди бирге талкуулайбыз. Фонд да ачтык. Кирешебизден чогултуп, анча-мынча тыйын-тыпыр иштетип турабыз. Башка облустарга чыгып жер кыдырабыз. Бизге өзгөчө үмүт, жаңы жашоо пайда болду десек болот. Анткени мурдагыдай үйдө балдарды же мамлекеттин пенсиясын күтпөйбүз», - деди аксакал.

Чарбагер пенсионерлер айылдагы жакыр жашаган үй-бүлөлөргө да кол кабыш кылып турушат. Күнөскана иштеткендер жашылча, мөмө-жемиштерин таркатса, тоок баккандар жумурткасынан акысыз беришет.

«Бирден жумуртка, күнөсканада өстүргөн жашылчаларынан, 100 сомдон алып барышат. Чогулабыз, сүйлөшөбүз, талкуулайбыз. Аз да болсо айылдагы жакыр үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтөлү деп аракет кыла баштадык. Турмушу оор үйгө бирден тоок бердик. Эркектерибиз болсо тоок кепе куруп беришти. Эми дагы бирөөсүнө ушинтип колдоо көрсөтсөк деп жатабыз. Чынында жумуш менен алек болуу ден соолукка да пайдалуу экен. Неберелер да кызыгып жардам беришет. Алектенер ишиң болсо көчөгө чыгып отурганга деле убактың болбой калат экен», - деди пенсионер Бүүзалия Алыбаева.

Облус аймагында мындай пенсионерлердин тобу 400 үй-бүлөнү түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×