Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 18.09.2018 11:10 На русском

Баткендиктер оңдолуп жаткан жолдун сапатына нааразы (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы оңдолуп жаткан тротуарлардын сапаты жашоочуларды канааттандырбай жатат.

Шаар тургуну Жаанбай Жороевдин айтымында, жолдогу асфальттар жука төшөлүп калган.

«Баткен шаарынын Султанмурат миңбашы көчөсүндө жашайм. Азыр бул жолго тротуар салынып, асфальтталып, оңдоо иштери жүрүп жатат. Бирок туура эмес, сапаты да начар болуп жатат. Мисалы, бул эки көчө кесилишкен жерге да тротуар салынып, асфальттанууда. Бул бурулуштан унаа өткөн сайын асфальт бузулат. Бул кимге пайда, кимге зыян? Ашыкча чыгым. Жука салынып жатат», - деди Жороев.

Буга чейин Султанмурат миңбашы көчөсүндө жөө жургүнчүлөр унааларды жандай жүрүшчү. Аталган көчөгө биринчи жолу тротуар бөлүнүп, асфальт төшөлгөнү менен жашоочулар нааразы.

«8 млн сом акча каралганы менен эптемей иш жүрүп жатат. Асфальт жука төшөлгөн. Аны менен катар жолдун энин кыскартышып, 2 унаа үчүн тарлык кылат. Эски түтүктөрдү сындырышып, жаңы лотокторду орнотушту. Мен жолду карап, анын сапатын текшерүүчү эмесмин. Бирок караганда билинет, сапаты начар экени», - деди шаардын дагы бир тургуну Улан Маккамбаев.

Жолду курууга жоопкерчиликтүү «Магистраль Ош» жол куруу ишканасынын өкүлү Руслан Абдылдаевдин айтымында, жумуш аяктай элек, алдыда сапаттуу тротуарлар пайдаланууга берилет.

«Баткен шаарынын Исхак Раззаков, Мурат Салихов жана Султанмурат миңбашы көчөлөрүнө тротуар салынып, асфальталууда. Анда жол жээгине лотоктор да курулуп жатат. Жумуш май айында башталган. Аны октябрь айына чейин бүткөрүү пландалган. Учурда жумуштун 80%ы аяктады. Жалпы 8 млн сом акча каралган. Алдыда жөө жүргүнчүлөр үчүн сапаттуу жолду пайдаланууга беребиз», - деди Абдылдаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×