Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 14.08.2018 13:36 Жаңыланды: 22.09.2018 21:20

Айыл турмушу: Баткендик Айкыз Кочкорали кызы кагаздан 2000 сомдук гүлдөрдү жасап сатат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын 21 жаштагы тургуну Айкыз Кочкорали кызы кагаздан гүл жасап, 2000 сомго чейин баалап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, гүлдөрүнүн эң арзаны 100 сом.

«Кичинемден эле гүлдөрдү жасаганга кызыгам. Мектепте окуп жүргөнүмдө эле жакындарымдын, досторумдун туулган күрдөрүндө белекке гүл жасап берип сүйүнтчүмүн. Мектепти аяктап, Баткендеги кесиптик лицейге тапшырып, тигүүчүлүк боюнча билим алгам. Кагаздан гүл жасаганды интернеттен, аларды жасаган эжелерден үйрөндүм. Башында жакындарыма гүл белек кылып, социалдык баракчама жүктөгөм. Ошол жактан «бизге да жасап берчи» деп кайрылгандар көбөйө баштады. Ошентип жүрүп өзүмдүн кичинекей ишкерлигимди түптөдүм десем болот. Мурда гүл жасоо хоббим болсо, азыр кошумча жумушка айланды. Учурда гүлдөрдү чоңдугуна карап 100 сомдон 2000 сомго чейин жасап жатам. Жасоо убактысы ар кандай, татаалдыгына жараша болот. Кагаздарды, керектүү буюмдарды Бишкек шаарынан алып келебиз. Көбүнчө майрам, той күндөрү буйрутма көбүрөөк болот», - деди ал.

Чебер айым 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×