Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 10.07.2018 08:33

Сүйүү даңазасы: Баткенде Козулан баатыр менен Айгүл кыздын айкели жасалууда (фото)

Turmush -  Баткендик 25 жаштагы Замирбек Момунов айгүл гүл жөнүндөгү уламышта айтылган Айгүл кыз менен Козулан баатырдын эстелигин 6 айда жасап чыкты. Аймактык кабарчы уста жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айкелди жасоо үчүн уламыштарды көп окуп, жазуучулар менен кеңешкен.

«Уламыш болгондуктан айкелди элестетип жасадык. Ошол уламыштарды кагазга түшүргөн тарыхчы агайлардан сурап, китептерин окуп чыктык. Уламышты жаш кезибизден угуп өскөнбүз. Ошол убакта элестеткен баатырды, Айгүл кызды жасадык. Уламышта Козулан баатыр согушта курман болот. Кыз анын өлүмүнөн кийин тоодон боюн таштаган. Бул Айгүл кыздын айкелин Баткенде, Козулан баатырды Бишкекте жасадык. Экөөнө 6 ай убакыт кетти. Айкел 1 айдан кийин толук даяр болот. Алардын бою 3,5 метрден болду. Айгүл менен Козуландын айкели Баткен облусундагы үчүнчү эмгегим болуп калат», - деди ал.

Каарманыбыз 13 жашынан тарта скульптор болууну каалай баштаган.

«13 жашымда Т.Садыков атындагы сүрөт академиясында окуп баштагам. Айкел жасоону 12 жыл окуп үйрөндүм. Окуп жүргөн учурда каникулда Кытайга барып иштеп жүрдүм. Кичине жана чоң айкелдерден 40тан ашык жасадым. Жасалган айкел өзүңдүн көңүлүнө толсо гана аны эмгек катары баалай аласың. Азыр интернет дизайн менен да иштейм», - деди скульптор.

Айыл турмушу: Баткендик З.Момунов Казакстан, Кытайга чейин барып, айкелчи болуп иштеп келди (фото)

Элдик уламыш: Баткендеги жүрөк таш Айгүл кыз менен Козулан баатырдын сүйүүсүнүн символу (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×