Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 06.07.2018 17:10

Баткенде калкты тейлөө борборунда келгендер 2-3 күндөп кезек күтүүгө мажбур (видео)

Turmush -  Баткен шаарындагы калкты тейлөө борборунда кезекте тургандар калкты паспорттоштуруу бөлүмүндөгү кызматкерлерге нараазы экенин билдиришүүдө.

Алардын айтымында, мекеменин кызматкерлери кардарларын жакшы тейлей албай жатат.

«3-4 күндөп кезек күтөбүз. Жаш балдары барлар да бар. Күндүн ысыгында элди кыйнабай, ар бир кардарга көңүл буруп, тейлөөнү жакшыртса болмок. Күнүнө 10гө жакын гана адамды кабыл алат. Калганыбыз кезек күтүп, 2-3 күндөп жүрөбүз», - деди алар.

Баткен райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Жанарбек Токтогуловдун айтымында, күнүнө бардык маселелерди жалпы алганда 200дөн ашык адам тейленип жатат.

«Кызматкерлер кардарлар көп болгондуктан бардыгын тейлеп жетишпей калууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×