Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 06.07.2018 10:05

Баткенде жыл башынан бери 9 өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Turmush -  Баткен облусунда 2018-жылдын башынан бери 9 өспүрүм сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, каза болгон өспүрүмдөрдүн ичинен 4 бала Кадамжайдан, 3 бала Лейлек районунан жана 2 бала Баткен районунан болгон. Милиция кызматкерлери жер-жерлерде ата-энелерге балдарынын сууга түшүүдөгү коопсуздук маселесине көңүл бурууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Облус аймагында бассейн, көлмөлөрдү иштеткен адамдарга, каналдарга, суу аккан объекттерде коопсуздукту сактоо үчүн атайын тосмолорду, эскертүү баннерлерин коюу боюнча суу чарба башкармалыктарына 16 жолу кайрылуу жөнөтүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×