Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткенде дарыгерлердин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 5-июлда Баткен шаарында саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Облус жетекчилигинин маалыматына караганда, учурда облустун калкына 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 6 жалпы дарыгерлик-практикалык борбору, 88 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 95 ФАП, 4 аймактык оорукана, 3 кургак учукка каршы күрөшүү борбору, облустук тиш дарыгерлер эмканасы, облустук ВИЧ-СПИД оорусун алдын алуу борбору, облустук соттук-медициналык экспертиза, облустук медициналык маалымат борбору жана район, шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлору тарабынан медициналык кызмат көрсөтүлөт.

Баткенде жалпы 828 дарыгер, 3807 орто медициналык кызматкер эмгектенет. 2017-жылы облуска жогорку билимдүү 29 адистер келип иштеп жатат. Баткен облустук бириккен ооруканасына көз дарылоо бөлүмүн ачуу жана медициналык жабдыктар менен камсыздоо боюнча Кызыл Ай Коому тарабынан 48 млн 636 миң 560 сомдук инвенстиция тартылып, көз дарылоо бөлүмүнө оңдоо-түзөө иштерине 490 миң сом акча каражаты жумшалган. 10 млн 944 миң 653 сомдук жандандыруу бөлүмүнүн унаасы, 1 млн 32 миң сомдук жасалма дем алдыруучу жабдык, 4 млн 307 миң 225 сомдук медициналык жабдыктар менен камсыздалып, учурда медициналык кызмат көрсөтүп келүүдө. Мындан сырткары гинекология жана жугуштуу оорулар бөлүмүнө 631 миң сом акча каражаты каралып, суу түтүктөрү оңдолду.

2017-жылга Баткен шаарында сметасына 250 ооруну кабыл алуучу үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты бүтүп, азыркы учурда пайдаланууга берилүүнүн алдында турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 531
Көп окулду
×