Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 04.07.2018 09:20 На русском

Баткенде сууга атайын аккан кызды куткарып калган милициянын капитаны медаль менен сыйланды (фото)

Turmush -  1-июль күнү Кадамжай районунда сууга атайын боюн таштап, өмүрүн кыюуга аракет кылган өспүрүм кызды куткарып калган милиция кызматкери кечээ, 3-июлда атайын медаль менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аны өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев «Баткен облусуна 15 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.

Ушундай эле сыйлык менен ӨКМдин №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын экинчи мобалдик-куткаруу тобунун куткаруучу Баяман Сагынбеков да сыйланды. Ал 2018-жылдын 28-июнь күнү Баткен шаарындагы Батырканов каналында агып бара жаткан 25 жаштагы жигиттин өмүрүн сактап калган.

Окуя тууралуу:

1-июль күнү Кадамжай районунда сууга атайын боюн таштап, өмүрүн кыюуга аракет кылган өспүрүм кыз куткарылганы кабарланган.

Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин 102 номуруна өспүрүм кыз чалып, «боюмду сууга таштайм, жашоодон тажадым» деп айтып телефонду коюп койгон. Аталган билдирүүдөн кийин Кадамжай РИИБдин кызматкерлери топ-топко бөлүнүшүп, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Ал кызды Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси Нурланбек Бегалиев Таш-Дөбө айылындагы каналда агып бара жатканда көрүп, аман алып калган.

Андан кийин:

Аталган кызды куткарып калган милициянын капитаны Нурланбек Бегалиев аны менен кошо өзү да агып кете жаздагандыгын айтып берген.

Анын айтымында, сууга боюн таштаган кыз быйыл 18 жашка толот.

«1-июль күнү кадамкидей эле жумушка чыккам. Саат 13:20 чамасында Кадамжай РИИБден телефон чалуу болуп, Халмион айыл өкмөтүнүн Гүлдүрөмө айылынан өспүрүм кыз «боюмду сууга таштайм, жашоодон тажадым» деп айтып, телефонду коюп койгонун айтышты. Ошол замат жалпы топ менен Гүлдүрөмө айылын кесип өткөн Нургазиев каналын бойлоп, кызды издей баштадык. Жарым саат өткөндөн кийин Нургазиев каналында агып бара жаткан кызды көрдүм. Каналдын агымы күчтүү болгондуктан кыз 300 метрге чейин агып барды. Агын суу күчтүү болгондуктан суу бөлүштүрүүчү жердин астынан агып чыкты. Суу бөлүштүрүүчү жайлар кооптуу, андыктан мен кийинки суу бөлүштүрүүчү жайга жеткирбей куткарып калууну чечтим. Ал учурда мен каналдын агымы менен жарышып, унаа менен кубалап жеттим. Унаадан түшкөндөн кийин 70 метрдей чуркап, кийимдеримди чечип, сууга секирип, кызды куткарып калдым. Кызды кармаган кезде жалгыз болчумун. Канал сыйгалак болуп, аны өз алдымча чыгара албай койдум. Кийин ошол жердеги жаш балдардан жардам сурадым. Бирок алардын күчү жетпей койду. Артымды карасам бир бала телефонго мени тартып жаткан экен. Ал баланы «видеону өчүрүп, жардам бер» деп чакырдым. Акыры ал жерден чыга албай дагы 30 метр кыз менен кошо агып барып, суу түтүк өткөн жерди кармап калдым. Ошол жердеги жаш балдар чогулуп алгач кызды, кийин мени тартып алышты. Ошол жерден аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерин жана айылдын тургундарын чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Өспүрүм кыздын ден соолугу жакшы болгондуктан өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнүн коштоосунда туугандарына тапшырдык.

Ал кыз быйыл мектепти бүткөн кыз болуп чыкты. 2 айдан кийин 18 жашка толот экен. Кыз өзү Халмион айыл өкмөтүнөн болуп, бирок Орозбеков айылында таенесинин колунда өскөн. Ата-энеси Россияда эмгектенишет экен. Биз «милицияга эмнеге чалдың эле?» деген сурообузга «менин өлүмүмө үй-бүлөлүк чыр-чатактар себеп болгонун милиция билсин дедим» деп айтты. Ал кыз мындан мурда да үй-бүлөлүк келишпестиктен өзүн-өзү өлтүрөм деп айтып келген экен.

Кийин үйгө келсем тааныштарым «1-июль — Куткаруучулардын майрамдык күнүндө адам куткарыптырсың» деп айтып калышты. Мен 16 жылдан бери милиция кызматкери болуп иштейм. Учурда Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болуп эмгектенем», - деген ал.

Нурланбек Бегалиев 6 кыз, 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×