Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 03.07.2018 13:03

Баткенде милиция кызматкерлеринин футбол боюнча мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-июлда Баткен шаарында Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 82 жылдыгына карата жана 2006-жылы кызмат учурунда каза болгон милициянын капитаны Абдибаит Кудайбердиевдин элесине арналып милиция кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү.

Маалым болгондой, мелдешке облус аймагындагы район-шаарлардын ички иштер бөлүмдөрүнөн 8 команда катышты. Алгач А.Кудайбердиевдин арбагына куран окутулуп, анын басып өткөн жолун эскеришти.

Спорттук иш-чарада А.Кудайбердиевдин үй-бүлөсү, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын ардагерлери келип сөз сүйлөшүп, жыл сайын маркумду эскерип турган кесиптештерине ыраазычылыктарын билдирип кетишти. Иш-чаранын алкагында Баткен ОИИБдин жетекчиси Ашим Тагаев түзүмдүн кызматкерлерин 82 жылдык маараке менен куттуктап, алгылыктуу иштеген кызматкерлерди сыйлады. Мындан сырткары Баткен облусунун жетекчилигинен, күч түзүмдөрүнөн өкүлдөр келип, белектерин тапшырышты.

Баткен облусунда жалпысынан Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын 48 кызматкери иштейт. Алар 5729 км жолду тейлешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×