Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткендеги бала бакчада жылан пайда болуп, мекеме 1 айга жабылды

Turmush -  Кечээ, 2-июлда Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы «Лилия» балдар бакчасы 1 айга жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен районундагы бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуев билдирди.

Маалыматка карганда, аларга «Лилия» балдар бакчасынан жылан чыкты деген кабар түшкөн. Анын негизинде ӨКМ менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери аталган бала бакчага барып кароо жүргүзүшкөн. Бирок жылан табылган жок.

Ал эми бала бакча жетекчилигинин маалыматына караганда, эртең менен бөлмөдөн узундугу 40-50 см болгон чаар ала жылан чыккан. Аны буга чейин да 1-2 жолу көрүшкөн. Үчүнчү жолу көрүшкөндө коркуп, кабар беришкен. Жыланды издөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу ӨКМ менен санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбор бала бакчаны жабуу боюнча атайын эскертме беришкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 874
Көп окулду
×