Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткендик артисттер Бишкектеги фестивалда акчалай сыйлыкка татыктуу болушту (фото)

Turmush -  29-июнь күнү Бишкек шаарындагы фестивалда Баткен облустук А.Жайнаков атындагы драма театры 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты. Бул тууралуу театрдын башчысы Бакытбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгы, Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгы жана Искендер Рыскуловдун 60 жылдыгына карата уюштурулду. Анда баткендик артисттер КРнын эл артисти Давлет Нургазиевдин «Өрүктүү бейиш» драмасын аткарышты. Аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Баткен облустук драма театрынын кызматкери Чыныгүл Эргашевага диплом жана 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 539
Көп окулду
×