Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 02.07.2018 14:40

Суу ичейин дегем: Баткенде каналга агып кетип куткарылган жигит окуянын чоо-жайын айтып берди

Turmush -  28-июнда Баткен шаарында Батырканов атындагы каналдагы сууга түшүп кетип куткарылган 25 жаштагы М. уулу И. окуянын чоо-жайын айтып берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«28-июнь күнү күн ысыктан чаңкап кетип, каналдан эңкейип суу ичейин дегем. Бутум тайып, сууга түшүп кеттим. Каналдын асты сыйгалак экен. Чыгууга аракет кылдым, бирок суу катуу аккандыктан чыга албадым. Кийин адамдар көрүп калышып, куткаруучуларга чалышыптыр. 3 км жакын аралыкка чейин агып кеткен болчумун. Кийин алар мени суудан чыгарып, куткарып калышты. Аларга рахмат айтам», - деди ал.

Аны куткарып калган №3 өзүнчө издеп-куткаруу отрядынын медицина кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу, прапорщик Эркинбай уулу Майрамбектин айтымында, окуя саат 14:20 чамасында болгон. Баткен ШИИБге аталган каналга адам түшүп, агып кеткени тууралуу билдирүү келген. Ал кырсык болгон жерге кесиптештери менен барган. Кесиптештери каналга түшүп, 1993-жылы туулган М. уулу И.ни каналдан шок абалда алып чыгышкан. Ал өзү чыгууга аракет жасап отуруп, буту-колдору тытылган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүп, туугандарына өткөрүп беришкен.

ӨКМдин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, былтыр сууга чөгүү боюнча 7 факты катталган. Быйылкы жылдын 6 айында облус аймагында сууга чөгүү боюнча 3 факты катталып, 2 адам каза болуп, 1 адам куткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×