Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Видео — Баткендеги милиция кызматкери үчүн полковник 1 млн сомдук үй курдуруп жатат

Turmush -  Баткен ОИИБдин жетекчиси Ашим Тагаев кол алдындагы кызматкери Чыңгыз Мурадалиев үчүн үй курдурууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Чыңгыз Мурадалиевдин чоң апасы Соногүл Олжоеванын айтымында, небересинин ата-энеси каза болгон. Өзү үй-бүлөдө жалгыз бала. Атасы мурда айдоочу болуп иштеп жүрүп, таш ташып келип үй курган. Бүгүнкү күндө алар ошол үйдө жашап жатышат. Эскилиги жетип калган үйдүн ордуна жаңы үй курууга үй-бүлөнүн шарты жок.

Чыңгыз Мурадалиев жетекчисинин үй куруп берүү жөнүндөгү сунушу күтүүсүз болгондугун белгиледи.

«Мен атамдан калган эски үйдө жашап келем. Атам таштан курган үйдүн жанына эптеп ылайдан кыш куюп, 2 бөлмө үй салдым. Заманбап болбосо да эл катары үй салайын деп максат кылып жүргөм. Бирок келинчегим эч жерде иштебейт. Алган айлыгым турмуш-тиричиликтен артпайт. 4 балам бар.

Бир күнү Ашим Тагаев мени иш бөлмөсүнө чакырып, «биз бардыгыбыз инсанбыз. Сен коомдун коопсуздугун сактап, элге үлгү болуп жашашың керек. Бардыгыбыз татыктуу жашоого укуктуубуз. Мен сага үй куруп берейин. Үйүңдү барып көрөлү да жумушту баштайлы» деп айтып калды. Мен уккан кулагыма ишенбей, кубанычым койнума батпай сүйүнүп, келинчегиме жакшы кабарды айтып келдим. Ошентип ал үйдүн долбоорун да өзү чийип, 6 бөлмөлүү заманбап үйдүн курулушу башталып, керектүү курулуш каражаттарын алып келишти. Курулуш иштеринин башталганына 1 жума болуп калды. Учурда үйдүн курулушу кызуу жүрүп, анда 4 уста иштеп жатат. Ашим Тагаев өзү да келип кабар алып, ишемби, жекшемби күндөрү өздүк курамды жөнөтүп, алар курулуш жумуштарына жардам берип жатышат», - деди ал.

Баткен ОИИБдин жетекчиси Ашим Тагаевдин айтымында, үйдүн узундугу 14 метрди, туурасы 7 метрди түзөт. 6 бөлмөлүү үйдө чайкануучу жай, ашкана жана башка бардык шарттар кошо түзүлөт. Анын жалпы сметалык баасы 1 млн сомдон ашат.

«Бул үй чакан заманбап типте курулат. Кыштан салынып, ата-бабалардын салтын улап, үйдүн үстүнө камыш жаткырылып жабылат. Себеби андан жылан, келемиштер өтө албайт. Эшик-терезелери болсо жыгачтан болуп, табигый материалдар колдонулат. Анткени бул адамдын ден соолугуна пайдалуу. Буйруса үй ушул жылдын аягында бүтүп, пайдаланууга берилет», - деди ал.

34 жаштагы Чыңгыз Мурадалиев 4 баланын атасы. 10 жылдан ашуун убакыттан бери ички иштер органында кызмат өтөп келет. Учурда Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1298
Көп окулду
×