Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 29.06.2018 14:51

Баткен шаарында тарыхый музей ачылды

Turmush -  Кечээ, 28-июнда Баткен шаарында тарыхый музей ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Музейди уюштуруучулардын айтымында, ага 2 миңден ашуун экспонаттар коюлду. Бул музейди ачуу демилгеси окуу жайдын тарыхчы мугалими Абдинаби Кадыров баштаган тарыхчыларга таандык. Музейде биздин замандын I кылымына таандык таштан, чоподон жасалган экспонаттар коюлган. Жазуулар чегилген таштар да жайгашты.

Музейдин ачылыш аземине Баткен облусунун жетекчилери, Билим берүү министрлигинин, мэриянын, Баткен мамлекеттик университетинин өкүлдөрү жана Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстандан келген илимпоздор катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×