Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 28.06.2018 18:30 На русском

Баткенде бассейн жок, балдар кооптуу каналдарга түшүп жатышат (фото)

Turmush -  Баткен шаарында жайкы бассейн жок болгондуктан балдар шаар четиндеги чоң каналдардагы сууга түшүшөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өспүрүмдөр бассейн жоктугунан аргасыз каналга келе турганын билдиришти.

«Биз ар күнү бул шаар четиндеги каналга келип чөмүлүп кетебиз. Себеби шаарда башка жайда бассейн жок. Бул жакка досторум менен келем. Мурда Москвада жүргөндө бассейндерге барып турчу элем. Бассейн болсо жакшы болот эле. Ата-энемден уруксат алып келем. Коркунучтуу деле эмес, жайык жерлерде гана чөмүлөбүз», - деди алардын бири Анарбек Мусаев.

Баткен ОИИБдин маалымат катчысы Дамира Юсупованын айтымында, мындай абал кооптуулук жаратууда.

«Өткөн жылы облуста 22 өспүрүм сууга агып каза болгон. Быйыл жыл башынан бери 6 факт катталган. Алардын бары каза болушту», - деди Юсупова.

Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы мунципалдык менчик департаментинин директору Акрам Акматов заманбап бассейн куруу жөнүндө ойлор болуп жаткандыгын кошумчалады.

«Баткен шаарындагы стадиондо шаардыктар үчүн бассейн бар болчу. Бирок быйыл алардын ишмердүүлүгүн токтоттук. Анткени шарттар жок, талаптар аткарылган эмес. Ошону эми кайра оңдоп, заманбап кылалы деген ойлор бар. Долбоор да бар. Бирок быйыл же кийинки жылы деп айта албайбыз. Адамдар көп эс алуучу жерлерге да курсак болот», - деди ал.

Азыр Баткен шаарынын тургундары Төрт-Гүл суу сактагычына барып чөмүлүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×